ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Токиодо жумшартылган эрежелердин алкагында биринчи жолу аюу атып өлтүрүлдү
Жапониянын Улуттук полиция агенттиги аюуга аңчылык кылуу учурунда полиция кызматкерлерине мылтык менен ок чыгарууга уруксат берген.
Токиодо жумшартылган эрежелердин алкагында биринчи жолу аюу атып өлтүрүлдү
Токиодо жеңилдетилген эрежелердин алкагында биринчи жолу аюу атып өлтүрүлдү

Жапониянын борбору Токиодо аюулардын кол салууларынын көбөйүшүнөн улам өткөн жылы киргизилген кооптуу жаныбарларды атуу боюнча жумшартылган эрежелердин алкагында биринчи жолу аюу өлтүрүлдү.

Токионун батышындагы Оцумачи аймагында айыл чарба жерлерине коюлган тузакта болжол менен 70 сантиметр боюндагы азиялык кара аюу байкалганы жана жергиликтүү өкмөт калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аюуну атууга уруксат бергени кабарланды.

Аюу болжол менен эки сааттан кийин мергенчилер тарабынан атып өлтүрүлдү.

Жапония аюулардын кол салууларынын көбөйүшүнө каршы чара көрүүдө

Жапон өкмөтү акыркы убакта аюулардын кол салууларынын көбөйүшүнө каршы чараларды күчөтүүдө.

Өкмөт кол салууларга каршы күрөшүү үчүн жаңы лицензияланган мергенчилерди жалдоо планын жарыялап, өлкөнүн түндүгүндөгү Акита префектурасына аскерлерди жөнөтүүнү чечти.

Жапониянын Улуттук полиция агенттиги аюуга аңчылык кылуу учурунда полиция кызматкерлерине мылтык атууга уруксат берген.

Премьер-министр Такаити Санаэ да өлкөдө аюулардын кол салууларынын көбөйүшүнө каршы күрөшүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошумча бюджеттик каражат бөлүүнү сунуштоо планын жарыялаган.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз