Кенияда учак кырсыгында 12 кишинин каза болгону болжолдолууда
Кырсыкка учураган кичинекей учак шейшемби күнү GMT 02.30 чамасында Диани туристтик аймагынан Кичва Тембого багыт алган.
Кениялык жоокерлердин сөөктөрү Найробидеги Уилсон аэропортуна тез жардам унаалары менен жеткирилүүдө. / AP
Кениянын Жарандык авиация башкармалыгы (KCAA) Кениянын жээгинен учуп чыккан кичинекей учактын кулаганын жана борттогу 12 кишинин каза болушу мүмкүн экенин билдирди.
Кичинекей учак шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:30да (02:30 GMT) белгилүү туристтик жай Дианиден Масаи Мара улуттук паркындагы жеке менчик учуу-конуу тилкеси Кичва Тембого бара жатып кулаган.
"Учактын бортунда 12 адам болгон", - деп айтылат KCAA билдирүүсүндө.
Август айында Найробинин чет жакасында Amref медициналык жардам уюмуна таандык жеңил учак кулап, алты адам каза болуп, эки адам жаракат алган.