Орусиянын Рязань облусунун губернатору Павел Малков аймактагы катуу дрон чабуулдарынан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкканын кабарлады.
Павел Малков жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аймак түнкү жана эртең мененки сааттарда катуу дрон чабуулдарына кабылганын маалымдады.
Чабуулдардан келип чыккан зыянга байланыштуу Малков: "Мунай иштетүүчү заводдун аймагында өрт чыкты. Рязаньдагы дагы бир ишкананын аймагында жайгашкан кампа жана унаалар да зыян тартты", - деди.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок экенин айткан Малков материалдык зыяндын көлөмүн баалоо иштери уланып, аймакта авариялык топтор иштеп жатканын билдирди.
11-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина бири-биринин энергетикалык инфраструктурасына кол салууну токтотууга макулдашканын жарыялаган, ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул тема боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.



















