ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түрк-Сауд координациялык кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү
Министр Фидан Түрк-Сауд координациялык кеңешинин үчүнчү жыйынынын алкагында эки тараптуу мамилелердин институционалдык алкакта каралганын жана Газа баштаган аймактык маселелердин талкууланганын билдирди.
Түрк-Сауд координациялык кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд Түркияга иш сапары менен келди. / Reuters

Тышкы иштер министри Хакан Фидан NSosyal аккаунтунан Түркия — Сауд Координация Кеңешинин Үчүнчү Жыйынына байланыштуу билдирүү жасады.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан менен биргеликте жыйынга төрагалык кылышканын белгилеген Фидан, тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин катышуусунда соода, энергетика, коргонуу, билим берүү, маданият, туризм жана транспорт сыяктуу стратегиялык тармактардагы комитеттик иштерди баалагандарын жана эки тараптуу мамилелерди институционалдык алкакта талкуулашкандарын билдирди.

Фидан Газа тилкеси баш болгон аймактык маселелер да каралган жыйындын алкагында «Дипломатиялык жана атайын паспорт ээлерине карата виза талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга» кол коюшканын белгиледи.

Министр Фидан бул келишимдин эки өлкө үчүн ийгиликтүү болушун каалап, Бин Фарханга жана анын делегациясына сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Иликте
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө
Иран Төңкөрүш гвардиясы: "Перс булуңунда мунай ташып бараткан төрт кемеге сокку урулду"
Израиль армиясынын Сириянын Дера шаарынын элетиндеги рейдинде майып бир жаран каза болду
Зеленский: "Украина азыркы фронт линияларында согушту токтотууга даяр"
Кремль: "Биз ноябрь айында Россия-Украина-АКШ үч тараптуу сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даярбыз"
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"