Түркия Австриядагы кол салуудан кийин көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады
Тышкы иштер министрлиги, кол салуудан жапа чеккен түрк жарандарынын бар же жок экенин аныктоо үчүн Австрия бийлиги менен тыгыз байланышта экенин билдирди.
Түркия Австриянын Грац шаарындагы бир мектепте болгон куралдуу кол салуудан улам терең кайгырганын билдирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Австрия элине көңүл айтты.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү “Бүгүн (10-июнь) Австриянын Грац шаарындагы бир мектепте болгон трагедиялуу окуя бизди терең кайгыга салды”, – деп билдирди.
Анкара бул кол салуудан түрк жарандары жабыркап-жабыркабаганын аныктоо үчүн австриялык жетекчилер менен тыгыз байланышта экенин маалымдады.
“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Австрия элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, – деп кошумчаланды.