Украинанын сүйлөшүү тобунун жетекчиси 26-февралда АКШнын элчилери менен жолугушат
Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын ортомчулугу астында Орусия менен жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрү март айынын башында болушу мүмкүн экенин билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башчысы Рустем Умеров 26-февралда АКШнын элчилери Стив Виткофф жана Жаред Кушнер менен жолугушаарын билдирди.
Шаршемби күнү Киевде өткөн басма сөз жыйынында сөз сүйлөгөн Зеленский жолугушууда Украинанын калыбына келиши жана колдоо пакети, Орусия менен үч тараптуу жолугушууга даярдык көрүү жана туткундарды алмашуунун чоо-жайы талкууланаарын айтты.
Украина лидери жолугушуунун кайсы жерде өтөөрүн так айткан жок, бирок АКШнын элчиси Стив Виткофф мурда Кушнер менен бейшемби күнү Швейцариянын Женева шаарында болорун жана ал жерде украин өкүлдөрү менен жолугуша аларын билдирген.
Зеленский: "Мен жаңы эле Рустем Умеров менен сүйлөштүм. Ал эртең америкалык сүйлөшүүчүлөр Виткофф жана Кушнер менен жолугушат. Ошондой эле Умеровду биринчи жолу экономика министри да коштойт. Бул америкалык тарап менен эки тараптуу жолугушуу болот", - деди.
Владимир Зеленский март айынын башында өтүшү мүмкүн экенин айткан үч тараптуу жолугушууга даярдык көрүү да артыкчылыктуу тема болорун кошумчалады.
Зеленский: "Мен ошондой эле Умеровго эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын талкуулоону тапшырдым. Биз гуманитардык тармакта оң натыйжага жетишүүгө үмүттөнөбүз", - деди.
АКШнын ортомчулугу астында өткөн Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн мурунку айлампасы 17-18-февралда Женевада өткөн.