ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Словения Газа согушунан улам Израиль менен курал соодасына тыюу салган биринчи ЕБ өлкөсү болду
Өкмөт 2023 - жылдын октябрь айынан бери Газадагы согуштан улам Израил менен аскердик курал - жарак жана каражат экспорту үчүн уруксат бербегенин билдирди.
Словения Газа согушунан улам  Израиль менен курал соодасына тыюу салган биринчи ЕБ өлкөсү болду
/ AP

Словения Газадагы согуштан улам Израиль менен бардык курал соодасына тыюу саларын билдирди жана мунун Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасында бир алгачкы болгонун белгиледи.

Израилди көп жолу сынга алган Словения өкмөтү өткөн жылы Газадагы согушту эртерээк токтотуу максатында Палестина мамлекетин таануу тууралуу кадамдарды таштаган.

Бейшемби күнү түнү берилген бир маалыматта : “Словения Израилге карата курал импорттоону, экспорттоону жана транзитке тыюу салган биринчи Европа өлкөсү болду”,- деп айтылды.

Европа Биримдигинин “ички келишпестиктер жана биримдиктин жоктугунан улам так чараларды көрбөгөндүгү” белгиленип Словениянын “көз карандысыз” аракет кылгандыгы айтылды.

Газада “гуманитардык жардамдар адамдарга системалуу түрдө берилбегендиктен каза болгондугу” бул кыйратуучу согуш шартында “ ар бир жоопкерчиликтүү мамлекеттин милдети – башка өлкөлөрдөн мурда кадам таштап аракетке өтүшү керек экендиги” баса белгиленди.

Өкмөттүн кагылышуудан улам 2023 - жылдын октябрь айынан бери Израилге аскердик курал - арак жана каражат экспорту үчүн уруксат бербегендиги да белгиленди.

Июль айынын баштарында эки ашыкча оңчул Израиль министринин өлкөгө киришине тыюу салган Словения израилдик эки жетекчини” кааланбаган киши” деп жарыялап "геноциддик билдирүүлөрү" менен "палестиналыктарга каршы ашкере зомбулукка жана адам укуктарынын одоно бузулушуна үндөгөн" деп айыптады.

2024-жылдын июнь айында Словения парламенти Палестина мамлекетин таануу жөнүндөгү резолюцияны кабыл алды. Бул кадам 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки Газаны Израилдин тынымсыз бомбалоосуна жооп катары Ирландия, Норвегия жана Испаниянын ушундай эле кадамдарынан кийин ташталды.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусуна сереп салды
Тышкы иштер министри Аракчи Трамптын атайын өкүлдөрү Виткофф жана Кушнер менен жолугушту
Японияда "Дужуан" тайфунунан каза болгондордун саны 9га жетти
Йеменде өкмөттүк күчтөр Таиздеги стратегиялык дөңсөөнү көзөмөлгө алганын жарыялады
Түркия жана 3 өлкө Сауд Арабиясына жасалган чабуулдарга реакция кылышты
Иран АКШнын кысымы токтотулса, Ормуз кысыгын 7 күндө ача турганын билдирди
Улуттук мушкер Хатиже Акбаш Европа чемпионатында медалды кепилдеди
Брюсселдеги коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салуу төрт жылга узартылды
Ирандын парламент спикери: «Трампты терең цивилизациялык, улуттук жана диний каршылык күтүүдө"
Түркия менен АКШ жаңы муундагы реакторлор боюнча келишим түзүп, ядролук кызматташтыгын кеңейтүүдө
Косовонун премьер-министри Түркиянын колдоосунан улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газадагы чабуулдарынан 24 саатта дагы 5 адам каза болду
Түркиянын деңиз флотунун күчү Израилди жаңы суу астында жүрүүчү кемелерди сатып алууга мажбурлоодо
Франция Украинага абадан коргонуу системаларын берет