Түркия Грецияны түрк азчылыгынын шайланган диний лидерлеринин укугун коргоого чакырды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги грек бийлигинин муфтийлерди дайындоо процессин сынга алып, буга чейин шайланган муфтийлерди таанууну талап кылды.
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Грециянын Батыш Фракиядагы түрк азчылыгына карата саясатын сынга алып, Лозанна келишими боюнча түрк азчылыгынын укуктары эске алынбай жатканын билдирди.
Шаршемби күнү министрлик тарабынан берилген маалыматта Грециянын Батыш Фракия түрк азчылыгы шайлаган муфтийлерди тааныбастан түрк азчылыгынын "укуктары менен эркиндиктерин эске албай" жатканын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө: "Өткөн айларда Диметокада Батыш Фракия түрк азчылыгынын өкүлдөрү жана мекемелери менен кеңешпей туруп, "шайлоо" деген шылтоо менен таңууланган "дайындалган муфтийди" аныктоо процесси, азыр Родоп жана Искече облустарында да ишке ашырылууга аракет кылынууда", - деп, бул аракеттерди кабыл албай турганын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту Грециянын "өз аймагындагы расмий азчылыктын шайланган диний лидерлерин тааныбай турганын" эске алууга чакырды.
Билдирүүдө «кысым көрсөтүүчү аракеттер» деп аталагн бул аракеттердин токтотулушу Греция менен болгон мамилелерге оң таасирин тийгизери белгиленди. Ошондой эле: «Грек бийлигин бул туура эмес жолдон кайтууга чакырабыз», — деп айтылды.
Министрлик: "Түркия өзүнүн келишимдик милдеттерин эске алуу менен Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын укуктарынын корголушун тыкыр көзөмөлдөөнү улантат", - деп билдирди.