ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ климаттык кризиске каршы "маанилүү кадам" мүнөзүндөгү чечимден ыраазы
Чечимге ылайык, маалыматтар Америка континентинде экологиялык зыяндын барган сайын начарлап бара жатканын ортого салып, мамлекеттердин климаттык кризис менен күрөшүүгө карата мыйзамдуу милдеттери болот.
БУУ климаттык кризиске каршы "маанилүү кадам" мүнөзүндөгү  чечимден ыраазы
/ AP

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Америка мамлекеттеринин климаттык кризисти чечүү боюнча юридикалык милдеттенмелери бар экенин белгилеген Американын Адам укуктары боюнча сотунун чечимин кубаттап, чечимди "аймак жана андан тышкары ташталган маанилүү кадам" деп мүнөздөдү.

Түрк: «Соттун жана башка мекемелердин, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин жетекчилиги менен мамлекеттер бул чөйрөдөгү адам укуктары боюнча милдеттенмелеринин бар экенинен жана көлөмүнөн эч кандай күмөн санабашы керек»,-деди.

Түрк мамлекеттердин азыркы калкты коргоо үчүн гана эмес, «келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн» кайтарылгыс климат жана экологиялык зыян келтирүүчү аракеттерден качуу үчүн «эл аралык укуктун алкагында негизги милдети» бар экенин баса белгилеп: «Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери дүйнө жүзү боюнча барган сайын айкын болуп жаткандыктан, соттун көз карашы ачык болду: адамдардын туруктуу климат жана таза экологияда жашоо укугу бар”,- деп кошумчалады.

Климат боюнча чара көрүү үчүн өкмөттөргө юридикалык кысым күчөп жаткан кезде акыркы маалыматтар Америка континентиндеги өлкөлөрдүн канчалык терең кризиске кептелгенин көрсөтүүдө.

АКШда булгануу

Eмбердин маалыматы боюнча, Америка Кошмо Штаттарында энергетика тармагынан чыккан көмүр кычкыл газынын булганышы көмүр колдонуунун кайра жанданышынан улам 2025-жылдын биринчи жарымында беш пайызга өстү.

Бул жагдай Трамп администрациясынын федералдык мекемелерде жасаган кеңири өзгөрүүлөрүнүн ортосунда ишке ашты. Бул өзгөрүүлөр миңдеген мамлекеттик кызматкердин, климат таануучуларды жана коомдук саламаттыкты сактоо адистерин кызматтан алууну камтыйт.

Мындан тышкары, Экологияны коргоо агенттиги (EPA), Улуттук океан жана атмосфера башкармалыгы (NOAA) жана Улуттук саламаттыкты сактоо институту сыяктуу мекемелер климат жана айлана-чөйрөнү изилдөөдөн четтетилип, бул окумуштуулардын арасында тынчсызданууну жаратты.

NCA6нын үзгүлтүккө учурашы кооптуу учурда болуп жатат: акыркы эл аралык талдоолорго ылайык, глобалдык температура өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5 градус Цельсийден аша баштады, бул АКШ боюнча токой өрттөрүнүн, кургакчылыктардын, суу ташкындарынын жана бороондордун күчөшүнө алып келүүдө.

Ушул жуманын башында жарыяланган Америка аралык адам укуктары боюнча соттун консультативдик корутундусу климаттын өзгөрүшүнүн күчөгөн таасири негизги укуктарды бузуп жатканын жана өкмөттөрдүн азыркы жана келечек муундарды коргоо үчүн тез арада чара көрүшү керектигин баса белгиледи.

Процесстин жүрүшүндө сотко эксперттик корутундуларды берген Адам укуктары боюнча кеңсе экологиянын бузулушу адамдык чыгымга алып келерин көптөн бери эскертип келет. Түрк соттун пикири мамлекеттердин климаттык жоопкерчиликтери үчүн маанилүү жол көрсөтүүчү болгонун айтты.

Түрк: "Климаттык кризистин ого бетер курчушун алдын алуу жана жабыркагандардын адилеттүүлүккө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдар, саясатты өзгөртүү, ресурстарды мобилизациялоо жана эл аралык кызматташтык аркылуу маанилүү кадамдарды таштоого шашылыш муктаждык бар. Мен мамлекеттерди муну дагы бир жолу жасоого чакырам", - деп билдирди.

Иликте
Трамп Венесуэлага кылымдын эң күчтүү жер титирөөсүнөн кийин жардам сунуштады
Президент Эрдоган: Израилдин провокацияларына карабастан аймакта тынчтык орнойт
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү