Африка Биримдиги Мадагаскардагы төңкөрүштөн кийин өлкө менен мамилесин токтотту
Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Махмуд Али Юсуфтун айтымында, чечим дароо күчүнө кирет.
Африка Биримдиги, Мадагаскардагы аскердик төңкөрүштүн лидери Майкл Рандрианирина президент катары ант берерин жарыялагандан бир нече сааттан кийин Мадагаскардын мүчөлүгүн токтотту.
“Мыйзамдын үстөмдүгү күч колдонуунун үстөмдүгүнөн жогору турушу керек,” – деп билдирди Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Махамуд Али Юсуф шаршемби күнкү билдирүүсүндө. Ал бул чечим дароо күчүнө киргенин белгиледи.
Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина коопсуздугуна тынчсызданып өлкөдөн чыгып кетти. Бул кырдаал бир нече жумага созулган антиөкмөттүк “Gen-Z” нааразылык акцияларынан кийин курчуду. Митингдерге суу жана электр энергиясынын жетишсиздигине нааразы болгон аскердик топтор да кошулган. Радзуэлинанын өкмөттү толугу менен кызматтан кетирүү чечими анын отставкага кетүүсүн талап кылган чакырыктарды ого бетер күчөттү.
Радзуэлина белгисиз жерден Улуттук парламентти жарлык аркылуу таркатууга аракет кылды. Бирок Улуттук парламент бул жарлыкты четке кагып, шейшемби күнү аны кызматтан кетирүү чечимин кабыл алды.
Көп өтпөй полковник Майкл Рандрианирина жана анын CAPSAT аскердик бөлүгү бийликти өз колуна алганын, мамлекеттик мекемелердин көбүн таркатканын жана убактылуу өкмөт түзүлөрүн жарыялашты.
Адам өмүрү кыйылбашы керек
Рандрианирина шаршемби күнү журналисттерге берген маалыматында, Жогорку Конституциялык сот аны президенттик кызматка чакырганын жана жакында ант берерин кабарлады.
Ошол эле күнү Түштүк Африканын Өнүктүрүү Коомчулугу (SADC) мурдагы француз колониясындагы чыңалууну азайтуу максатында аксакалдар тобун түздү.
SADC Саясат, коргоо жана коопсуздук кызматташтыгы органынын төрагасы жана Малавинин президенти Питер Мутарика Малавинин мурдагы президенти Жойс Банда бул делегацияны жетектеп, бүткүл өлкөдө модерацияны, тынчтыкты жана диалогду камсыз кылуу миссиясын өзүнө алаарын билдирди.
Мутарика “Башаламандыктан улам Мадагаскар элинин өмүрүнө коркунуч жаралбашы керек,” – деди.