ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Ишемби күнү Стамбулда Пакистан - Афганистан сүйлөшүүлөрү өтөт
Пакистан менен Афганистан чек арадагы акыркы чыңалуудан кийин диалогду жеңилдеткени үчүн Түркия менен Катарга ыраазычылык билдиришти жана сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Стамбулда өтөөрүн ырасташты.
Ишемби күнү Стамбулда Пакистан - Афганистан сүйлөшүүлөрү өтөт
Ишемби күнү Стамбулда Пакистан - Афганистан сүйлөшүүлөрү өтөт / AP

Пакистан менен Афганистандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Стамбулда өтөт. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги менен Афганистандын расмий өкүлдөрү жыйындын ишемби күнү өтөөрүн жарыялашты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тахир Хүссейин Андраби Исламабадда журналисттерге берген маалыматында жолугушуунун "чек ара терроризмин алдын алуу үчүн конкреттүү жана текшерилүүчү мониторинг механизмин түзүү" экенин айтты.

"Пакистан менен Афганистандын ортосунда 2025-жылдын 19-октябрында Катардын Доха шаарында жетишилген келишимди аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү жолундагы биринчи кадам катары ыраазычылык менен кабыл алабыз", - деди Андраби.

"Пакистан Афганистандын аймагынан Пакистанга багытталган террордук коркунучту карап чыгуу жана пакистандыктардын өмүрүн сактап калуу максатында Түркиянын 2025-жылдын 25-октябрында Стамбулда өткөрө турган кийинки жыйында конкреттүү жана текшерилүүчү мониторинг механизмин түзүүнү күтөт", - деди.

Кабул башкаруусу да Стамбулдагы жыйынды тастыктады.

Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид делегацияны Ички иштер министрлигинин орун басары Маулви Рахматулла Наджибдин жетектеп жатканын билдирди. X платформасынан:"Пакистан менен калган маселелер жыйында талкууланат", – деген Мужахид афган делегациясынын Кабулдан Стамбулга карай жолго чыкканын да билдирди.

Чек арадагы бир нече күндүк кандуу кагылышуулардан кийин, өткөн аптада Дохада Катар жана Түркиянын ортомчулугу менен Исламабад менен Кабулдун ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, учурда күчүндө турган ок атышпоо келишимине жетишилген.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андраби Катар жана Түркиянын эки тараптын диалогун жеңилдетүүдөгү "конструктивдүү ролуна" жогору баа бергенин билдирди.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"