ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Түркия Израиль-Иран кагылышуусунан кийин чек арадан мыйзамсыз өтүүлөрдүн көбөйбөгөнүн билдирди
Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүн болгон миграциялык кыймылдарга каршы активдүү мамилеси менен бардык керектүү коопсуздук чараларын көрүүнү уланта турганын билдирди.
Түркия Израиль-Иран кагылышуусунан кийин  чек арадан мыйзамсыз өтүүлөрдүн көбөйбөгөнүн билдирди
/ AA
19 Июнь 2025

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги бейшемби күнү Израиль менен Ирандын ортосундагы кагылышуулардан кийин мыйзамсыз чек арадан өтүүлөрдүн көбөйбөөндүгүн билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн мүмкүн болгон миграциялык кыймылдарга каршы бардык коопсуздук чараларын көрүүнү уланта турганын айткан министрликтин басма сөз катчысы Зеки Актүрк бул темада чечкиндүүлүккө басым жасады.

Актүрк Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында акыркы бир жумада Ирактын түндүгүндөгү жана Сириядагы баш калкалоочу жайлардан качкан ПККнын 5 террористинин дагы багынгандыгын билдирди.

Актүрк айрыкча Чеңгел - Кулпу операциялары жүргүзүлгөн аймактарда аныкталган террористтерге таандык үңкүр жана баш калкалоочу жайларда колго түшүрүлгөн көп сандаган курал-жарак, ок-дары жана түрдүү материалдардын жараксыз абалга келтирилгендигин айтты.

Актүрк түрк куралдуу күчтөрү өлкөнүн тынчтыгын, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн операцияларын, издөө жана тазалоо иштерин, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин улантып жаткандыгын белгиледи.

ПКК террористтери көп учурда Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан Ирактын түндүгүндө жашынып, Түркиянын аймагына чабуулдарды пландашууда.

Акыркы жылдары Түркия ПКК террористтерине өлкө ичинде жана өлкө тышында ийгиликтүү операция жүргүздү. Бул процессте уюмдан качып багынган ПКК террористтеринин саны да арбыды. Багынган бул кишилер Түркиянын жаза кодексинен пайдалана алышат.

ПКК Түркияга 40 жылга жакын убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан террордук кол салууларда аялдар, балдар жана ымыркайлар да болгон 40 миңден ашуун кишинин өлүмүнөн жооптуу. ПКК Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары таанылган.

Израиль аймакты баш аламандыкка жетелеп жатат

“Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр күчөп жаткан учурда, Израиль биздин коңшубуз Иранга мыйзамсыз чабуул жасап, аймактык туруктуулукка жана тынчтыкка дагы бир жолу коркунуч келтирди,” - деди Актүрк.

Израилдин Иранга жасаган чабуулдарын айыптаган Актүрк Израилдин Газага, Ливанга жана эми Иранга болгон акыркы чабуулдарында эл аралык мыйзамдарды көзгө илбегендиги анын чыр-чатактарды күчөтүү ниетин ачык көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

Актүрк Израилдин чектен чыккан агрессивдүү позициясы аймакты баш аламандыкка жетелеп жатканын жана чабуулдарын токтотушу керектигин айтты.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин булактары Израиль-Иран кагылышуусуна байланыштуу Израилдин чыр-чатакты күчөтө турган риторикасын жана чабуулдарын дароо токтотушу керектигин айтышты.

Булактар Израилдин учактары Иранга аба соккуларынын биринчи күнүндө Түркиянын аба мейкиндигин бузду деген маалыматтардын туура эмес экенин баса белгилеп, башынан эле бардык аба кыймылдары тыкыр көзөмөлдөнгөнүн билдиришти.

Израилдин учактарынын аба мейкиндигин бузуу ыктымалдыгына байланыштуу, кооптонууну билдирген Түркиянын коргоо министрлигинин булактары, эскертүүчү учактардын учуп, түрк аба мейкиндигинде күзөт милдетин аткарып баштаганын билдирди. Ошондой эле, Израилдин абадан кол салуулары башталгандан кийин аба мейкиндигин жана чек араларды коргоо боюнча чаралардын күчөтүлгөнүн белгилешти.

Ушул эле булактар ​​Израилдин Газа, Ливан, Сирия жана Иранга карата агрессивдүү саясатынын аймактагы ансыз да алсыз тең салмактуулуктарды ого бетер бузуп жатканын кошумчалашты.

Дүйнөдөгү эң заманбап, кадыр-барктуу жана күчтүү армияларынын бири болгон түрк куралдуу күчтөрү азыркы учурда жана келечекте өлкөнү жана элин коргоого чечкиндүү жана жөндөмдүү экендиги баса белгиленди.

Түркиянын абадан коргонуу системасы

Министрликтин булактары Түркиянын абадан жана ракетадан коргонуусун көп катмарлуу жана комплекстүү система катары улантуу аракеттери уланып жатканын билдирди.

Ата мекендик радар жана абадан коргонуу системаларынан тышкары, башкаруу жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо аракеттери уланууда. Абадан коргонуу бөлүктөрүнүн жана курал системаларынын эң жогорку даярдыкта кармалышы үчүн чаралар көрүлүүдө.

Чек араларды коргоо жана мүмкүн болуучу гуманитардык кризистерге жооп берүү үчүн Түркиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн эң жогорку деңгээлде кармалып, тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен координацияда иш алып барганы баса белгиленди.

Министрлик булактары да Түркиянын көзөмөлгө алынган жана тартиптүү түрдө иш жүргүзүп, аймактык ырааттуулукка колдоо көрсөтүп, гуманитардык милдеттерин аткарып жатканын белгиледи.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду