ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Би-Би-Си Трамптан кечирим сурады
Трамптын адвокаттары Би-Би-Си артка кайтпаса, кечирим сурабаса жана компенсация төлөбөсө, мекемеге каршы 1 миллиард долларлык доо ачуу менен коркутушту.
Би-Би-Си Трамптан кечирим сурады
Бул маселенин айланасындагы күчөп бараткан чуу Би-Би-Синин эки жогорку жетекчисинин чуулгандуу кызматтан кетүүлөрүнө себеп болду. / Reuters

Британиянын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Би-Би- Си 2021-жылдын 6-январында сүйлөгөн сөзүнө жаңылыш монтаж жасалганы үчүн АКШ президенти Дональд Трамптан кечирим сурады, бирок ушуга карабастан жалаа жабуу боюнча доо ачуу үчүн эч кандай негиздин жок экендигин билдирди.

Би-Би - Си бейшемби күнү берген билдирүүсүндө мекеменин төрагасы Самир Шахтын Ак Үйгө жеке кат жөнөтүп, Трамптын сүйлөгөн сөзүндөгү жаңылыш монтаж үчүн өзү жана мекеменин атынан кечирим сураганын белгиледи. Бул монтаж Трамптын колдоочуларынын АКШ Конгресс имаратына басып киргенден мурун сүйлөгөн сөзү тууралуу бир даректүү тасмада орун алган.

Би-Би-Си даректүү тасманы кайра көрсөтүү планы жок экенин билдирди, анда сөздүн бир сааттык аралык менен берилген бөлүктөрү бириктирилген.

"Монтажыбыздын сөздүн ар кайсы учурларынан алынган бөлүктөрдү эмес, сөздүн бир гана, үзгүлтүксүз бөлүгүн көрсөтүп жаткандай таасир калтырганын моюнга алабыз. Бул президент Трамптын түздөн-түз зомбулукка чакырган деген жаңылыш таасир калтырды»,- деи билдирилди жарыяланган текстте.

Трамптын адвокаты Би -БИ - Сиге кечирим суроону талап кылган кат жөнөткөн жана 1 миллиард долларлык доо ачуу менен коркуткан.

Чыр - чатак 2024-жылдагы АКШнын президенттик шайлоосуна бир нече күн калганда BBC телеканалынын флагмандык жаңылыктар программасы "Панораманын" "Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүк?" деп аталган эпизоду чыккандан кийин башталган.

Тасманы даярдаган үчүнчү тараптын продюсердик компаниясы Трамптын 2021-жылы сүйлөгөн сөзүнүн эки бөлүгүнөн үч үзүндүнү, болжол менен бир сааттык аралык менен бир үзүндүгө бириктирип, Трамптын тарапташтарына өзү менен бирге басууну жана "жаныңарды аябай күрөшкүлө" дегендей кылып бир цитата катары көрсөткөн.

Кесилген үзүндүлөрдүн арасында Трамптын колдоочуларынан митингди тынчтык менен өткөрүүсүн каалаган бөлүм да болгон.

Башкы директор Тим Дэйви жана жаңылыктар боюнча жетекчи Дебора Тернесс жекшемби күнү кызматтан кетишти. Арыздарында ул чуулгандуу окуянын Би -Би - Сиге зыян келтиргенин жана "BBC News and Current Affairs компаниясынын башкы директору катары жоопкерчиликтин өздөрүнө экенин" айтышкан.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер шаршемби күнкү билдирүүсүндө күчтүү жана көз карандысыз Би - Би - Сини колдогонун, бирок коомдук телерадиоберүүнүн «иштерин тартипке келтириши» керектигин билдирген.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды