ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Бангладештин мурдагы премьер-министрин өлүм жазасына тартуу талап кылынды
Бангладештин прокуратурасы, 78 жаштагы шейх Хасина "июль-август козголоңу учурунда жасалган бардык кылмыштардын чордонунда болгон" деп айыптоодо.
Бангладештин мурдагы премьер-министрин өлүм жазасына тартуу талап кылынды
Бангладештин мурдагы премьер-министрин өлүм жазасына тартуу талап кылынды / AA

Бангладештик прокурорлор качкын экс-премьер-министр шейх Хасинага адамзатка каршы кылмыштар боюнча сотто өлүм жазасын берүүнү талап кылышты.

Башкы прокурор Тажул Ислам бейшемби күнү соттун сыртында журналисттерге “Биз ага эң оор жазаны талап кылып жатабыз”, - деп билдирди.

Ислам “Бир киши өлтүрүү үчүн бир өлүм жазасы берилет. 1400 киши өлтүрүү үчүн 1400 жолу жазаланышы керек - бирок бул адамдык жактан мүмкүн болбогондуктан, биз жок дегенде бир жолу өлүм жазасын талап кылабыз” деди.

Хасина өткөн жылы Индияга качып кеткенден кийин кайтып келүү боюнча соттун буйруктарын аткаруудан баш тартты. Ал студенттер жетектеген көтөрүлүштү басууга аракет кылган кандуу операцияны буйрук кылган деген айыптарга туш болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2024-жылдын июль жана август айларындагы кагылышууларда 1400 адам каза тапкан.

Прокурорлук 78 жаштагы Хасинанын “июль-август көтөрүлүшү учурунда жасалган бардык кылмыштардын борборунда болгонун” айтууда.

Хасинаны мурдагы жогорку кызматтагы эки чиновник менен бирге сыртынан соттоп жатышат.

Мурдагы ички иштер министри Асадуззаман Хан Камал да өлкөдөн качып кеткен, бирок полициянын мурдагы башчысы Чоудхури Абдулла Аль-Мамун камакта калууда жана күнөөсүн мойнуна алды.

Прокуратура бейшемби күнү Камалды да өлүм жазасына тартуу керектигин билдирди.

1-июнда башталган соттук териштирүүдө Хасина массалык өлтүрүүгө буйрук берген же алардын алдын ала алган эмес деген айыптар бир нече айдан бери угулууда.

Ислам: «Хасинанын максаты өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн бийлигин түбөлүккө калтыруу болгон», - деди.

Иликте
Испаниянын түштүгүндө түн ортосунда болгон жер титирөө имараттар менен унааларга зыян келтирди
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды