Антаранын кабарына караганда, Индонезиянын Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттиги (BNPB) өлкөнүн Флорес аймагындагы жер титирөөгө байланыштуу акыркы маалыматтарды жарыялады.
BNPB кырсыктар боюнча маалымат борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Бертон Панжайтан каза болгондордун саны 71ге жеткенин билдирип, "Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен өкмөттүн атынан көңүл айтабыз" деди.
Индонезиянын Флорес аймагында 15-августта 7,7 баллдык жер титирөө болуп, эң чоңу 6,2 балл кеминде 235 кайталанган силкинүү катталган.
Ошол эле учурда, Түндүк Суматра провинциясындагы Пематангсиантар шаарынын жанында 6,9 баллдык дагы бир жер титирөө болгон.
Жер титирөөдө 900дөн ашык үй урап, 1300дөн ашуун үй жарым-жартылай жабыркаган жана болжол менен 5000 адам убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылган.
Жер көчкүлөр Флорес аймагындагы калктуу конуштарды байланыштырган болжол менен 700 чакырымдык авто жолдун айрым бөлүктөрүнүн жабылышына алып келген.






















