БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
БУУ ок атышууну токтотууга карабастан, жардамга жетүү олуттуу түрдө чектелүү экенин жана Газадагы дээрлик бардык айыл чарба жерлери жана айыл чарба инфраструктурасынын зыянга учураганын же жок кылынганын айтты.
Бириккен Улуттар Уюму жума күнү берген билдирүүсүндө ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газага гуманитардык жардамдын кирүүсүн чектеп жатканын билдирди. Айыл чарба жерлеринин кеңири бөлүгү талкаланып, азык-түлүк өндүрүшү дээрлик толугу менен токтогонун маалымдады.
БУУнун өкүлү Фархан Хак Нью-Йоркто журналисттерге берген маалыматында Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгына (OCHA) шилтеме жасап: "Элдин шашылыш муктаждыктары абдан көп. Ок атышууну токтотуудан бери тоскоолдуктар жетиштүү ылдамдыкта жоюла элек", - деди.
Хак: "Ушул дүйшөмбүдөн тарта БУУ жана өнөктөштөрүбүз Газанын чек ара өткөрмө пункттарында 37 000 тоннадан ашык жардам чогултту, анын көбү азык-түлүк", - деди. Бирок кирүүнүн эки гана өткөрмө пункт аркылуу чектелгенин айткан Хак, Израилден Газанын түндүгүнө же Египеттен Газанын түштүгүнө түздөн түз өтүүнүн жок экенин белгиледи.
Жардам көрсөтүү иштери жайлады
Хак айрым маанилүү материалдарды жана жарандык коом уюмдарынын кызматкерлерин киргизүүгө азыр да урукса бериле электигин, мунун жардам көрсөтүү иштерин ого бетер жайлатып жатканын билдирди.
Анын айтымында, “жер которгон адамдардын көпчүлүгү азыр да ачык аймактарда убактылуу баш калкалоочу жайларда жашап жатышат,” ал эми жергиликтүү азык-түлүк өндүрүшү “өтө кыйын абалда.
БУУнун анализи көрсөткөндөй, Газадагы айыл чарба жерлеринин 13 пайызы гана БУУнун анализи көрсөткөндөй, Газадагы айыл чарба жерлеринин 13 пайызы гана жабыркаган эмес, бирок анын көпчүлүк бөлүгүндө Израил аскерлери жайгашкандыктан, ага жетүү мүмкүн эмес.
Күнөсканалар, айыл чарба кудуктары жана айыл чарба инфраструктурасынын 79 пайыздан 89 пайызга чейини жабыркаган, ал эми зайтун бактары менен мөмө - жемиш бактарынын дээрлик 89 пайызы "зыян тарткан же жок кылынган".
Жергиликтүү жетекчилер Израилдин Газада 13 айдан бери жасап келе жаткан кол салууларында 69 000 кишинин каза болгонун, 170,600дөн ашуун адамдын жаракат алганын билдиришти.