ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Азербайжан Европа парламенти менен кызматташууну токтотту
Азербайжан парламенти Европа парламентин "кыйратуучу позицияны" көрсөтүү, "чындыкты бурмалоо" жана эгемендүүлүккө, эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүү менен айыптады.
Азербайжан Европа парламенти менен кызматташууну токтотту
Баку Брюсселди жалаа жабуу жана каралоо ишмердүүлүгүнө айыптайт. Архивдик сүрөт. / AA

Азербайжан парламенти Европа Парламенти менен "бардык тармактарда" кызматташууну токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алып, "Азербайжанга каршы саясатын, жалаа жабууларын жана каралоо өнөктүктөрүн улантып жатат" деп айыптады.

Азербайжандын мамлекеттик маалымат агенттиги AZERTAC жума күнү Улуттук парламент тарабынан кабыл алынган резолюцияга таянып берген кабарында өлкө парламенти чет өлкөлөрдүн парламенттери жана парламенттик органдары менен болгон карым - катнаштарын "тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттерге" негиздейт жана парламенттик баалуулуктарга, жалпы кызыкчылыктарга негизделген ачык, чынчыл жана конструктивдүү диалогду колдойт",- деп билдирди

Резолюцияда: "Тилекке каршы, Европа парламентинин жогоруда айтылган принциптерди четке каккан кыйратуучу позициясы бул мекеме менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык карым - катнаштарынын өнүгүшүнө негизги тоскоолдук болууда», — деп айтылды.

Резолюцияда Европа парламенти менен кызматташуу максатында түзүлгөн ЕБ-Азербайжан парламенттик кызматташтык комитети жана «Евронест» парламенттик ассамблеясы сыяктуу платформалар «өлкөбүздүн ички иштерине кысым жасоо, коркутуп-үркүтүү жана одоно кийлигишүү куралына» айланганы белгиленди.

Резолюцияда Улуттук парламенттин 2015-жылы Европа парламенти менен болгон бардык мамилелерин токтотконуна карабастан, Европадан келген көптөгөн чакырыктар жана убадалардан кийин кызматташууну кайра баштаганы айтылат.

Резолюцияда: "Ошого карабастан, Европа парламенти берген убадаларын аткарбай, Азербайжанга каршы саясатын, жалаа жабуу жана каралоо иш-аракеттерин туруктуу түрдө уланткан.

Бүгүн демократиялык баалуулуктардын кыйрап жатканы, коррупция менен паракорлуктун терең тамырлаганы, лобби топтору жана ар кандай кызыкчылык чөйрөлөрүнө кызмат кылган Европа парламенти; Азербайжанфобиялык жана исламофобиялык ой жүгүртүү тынымсыз айтылып жаткан түзүмгө айланды",- деп айтылды.

Резолюцияда өзгөчө Европа парламенти Азербайжан менен Европа Биримдигинин карым - катнаштарынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып, Түштүк Кавказда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу кадамдарына каршы чыгып, "реваншисттик күчтөрдү тутандыруу" менен айыпталды.

Баку Европа Биримдиги элчисин чакырды

Азербайжан бүгүн Европа Биримдиги элчисин тышкы иштер министрлигине чакырып Европа парламенти бир күн мурун кабыл алган чечиминен улам нааразычылыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Европа парламентинин чечиминде "чындыкты бурмалаган, бейтараптуулук принциптерине жана мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сыйлоо милдеттенмелерине карама-каршы келген негизсиз жана бир жактуу жоболордун" бар экени белгиленди.

Билдирүүдө: «Резолюцияда Карабах аймагына армян тургундарынын кайтып келиши жөнүндөгү дооматтар толугу менен негизсиз деп мүнөздөлүп, мындай чакырыктар Азербайжандын ички иштерине кийлигишүү болуп саналат”,- деп айтылды.

Министрлик армян тургундарынын Азербайжан Конституциясына ылайык 2023-жылы сунушталган кайра интеграциялоо планына карабастан, аймактан өз ыктыяры менен чыгып кеткенин, муну төгүндөгөн билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Министрлик сүйлөшүүлөрдө резолюцияда "согуш туткундары" катары көрсөтүлгөн армян тектүү адамдарды бошотуу чакырыктары "мыйзамдуу түрдө кабыл алынгыс" экени баса белгиленгенин билдирди.

«Азербайжан тарап гуманитардык мамиле жасаганы, көптөгөн камактагыларды бошоткону, ишенимди бекемдөөчү кадамдарды таштаганы жана соттолгондор терроризм, саботаж жана согуш кылмыштары сыяктуу бир катар оор кылмыштарды жасаган адамдар экени эске салынды», — деп жазылды билдирүүдө.

Андан тышкары, «маданий жана диний мурастардын талкаланышына» байланыштуу дооматтар «толугу менен негизсиз жана кабыл алынгыс» деп четке кагылып, европалык институттар Карабах аймагы армян оккупациясында турган учурда Азербайжандын маданий жана диний мурастарына жасалган «кеңири масштабдагы кыйроолорго жана акаараттарга» маани берген эмес деп айыпталды.

Сүйлөшүүдө Европа Биримдигине эки тараптуу мамилелерге жана Түштүк Кавказ чөлкөмүндөгү тынчтык жана нормалдашуу процессине зыян келтирүүчү кадамдарды токтотуу чакырыгы жасалды.

Европа парламенти бейшемби күнү кабыл алган чечиминде армян «согуш туткундарын» бошотуу жана «армян маданий жана диний мурастарынын талкаланышына жооптууларды» жоопко тартууга чакырды.

Резолюцияда Карабахтын армян тургундарына колдоо көрсөтүлөрү кайталанып, бул адамдар «тийиштүү эл аралык кепилдиктер астында коопсуз, тоскоолдуксуз жана татыктуу кайтып келүү укугуна» ээ экени айтылды.

Иликте
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды