ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Израилдин Газада оккупациясын кеңейтүү планын "экспансиялык жана деструктивдүү" деп айыптады
Түркия Нетаньяху өкмөтүнүн Газадагы ээлөөсүн кеңейтүү боюнча акыркы чечими "экспансиялык жана деструктивдүү ой-жүгүртүүнүн көрүнүшү" деп билдирди.
00:00
Түркия Израилдин Газада оккупациясын кеңейтүү  планын "экспансиялык жана деструктивдүү" деп айыптады
MFA Turkiye / AA

Түркия Израилдин Жакынкы Чыгыштагы акыркы аскердик чабуулдарын катуу айыптап, Нетаньяху өкмөтүн аймакты кеңири кагылышууга түртүп жатат деп күнөөлөдү.

Шейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө, Израилдин Сирия, Ливан жана Йемен сыяктуу аймактык өлкөлөргө жасаган чабуулдары аркылуу тынчтыкты жана туруктуулукту бузуп жатканы баса белгиленди.

“Израиль өкмөтү бүтүндөй аймакты кеңири кагылышууга алып барууга багытталган жоопкерсиз аракеттерин токтотушу керек,” – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Израилдин Газа тилкесиндеги оккупациясын кеңейтүү чечими сынга алынып, бул кадам экспансиялык жана деструктивдүү ой-жүгүртүүнүн уландысы экенине басым жасалды.

Анкара эл аралык коомчулукту Израилдин “чектен чыккан агрессиясына” каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырып, бул аракеттердин кесепети аймактын тышына жайыларын эскертти.

“Түркия Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыз кылуу аракетин аймактык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен тилектештикте улантууда,” – деп билдирилди.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат