ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Анкарада өтө турган НАТО саммитинин алдында коопсуздук жана аба кыймылы көзөмөлүн күчөттү
Чет өлкөлүк мамлекет башчылары жана расмий делегацияларды ташыган жарандык жана аскердик учактар Эсенбога аэропортундагы убактылуу учуу чектөөлөрүнөн бошотулат.
Түркия Анкарада өтө турган НАТО саммитинин алдында коопсуздук жана аба кыймылы көзөмөлүн күчөттү
7-8-июлдагы лидерлердин саммитине 56 миңден ашуун полиция жана жандармерия кызматкери тартылат. / AA

Түркия келерки апттагы НАТО лидерлеринин саммити алдында борбор шаар Анкарада коопсуздук жана транспорт чараларын күчөттү — Эсенбога аэропортунда аба каттамдарына убактылуу чектөөлөр киргизилип, шаар боюнча миңдеген коопсуздук кызматкерлери жайгаштырылды.

НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити 7-8-июлда Анкарада өтөт. Ага альянстын 32 мүчө-мамлекетинен жана чакырылган 9 өлкөдөн жалпысынан 52 лидердин катышуусу күтүлүүдө.

Анкарада өткөн координациялык жыйында сөз сүйлөгөн ички иштер министри Мустафа Чифтчи мындай масштабдагы уюмга даярдык көрүү үчүн дипломатиялык көз караштан гана эмес, коопсуздук жагынан да "жогорку деңгээлдеги пландаштыруу жана координациялоо" талап кылынарын баса белгиледи.

56 000ден ашык кызматкер кызмат кылат

Саммит учурунда 48 миң 841 полиция кызматкери жана 7 миң 447 жандарм, жалпысынан 56 миң 288 кызматкер жана 4 миң 405 унаанын кызмат кыларын билдирген Чифтчи буларды айтты : Эсенбога аэропорту-Президенттик комплекс багытта 3926 кызматкер, ал эми Мүртед аэропорту, Анкара аэропорту жана президенттик комплекстин ортосундагы багытта1742 кызматкер жайгаштырылат.

Чифтчи коопсуздук коркунучтарына каршы туруу үчүн аэропорттордо, саммит өтүүчү аймактарда, маршруттарда жана мейманканаларда персонал, унаалар, жабдуулар жана үйрөтүлгөн иттердин 24 саат бою кызмат кыларын билдирди. Киберкоопсуздук чараларынын да күчөтүлгөнүн кошумчалады. Ушунун негизинде кылмыштуулукка жана кылмыштуу элементтерге каршы күрөшүү үчүн интернетте суткасына 24 саат "виртуалдык патрулдарды" жүргүзүү үчүн кошумча 639 кызматкердин дайындалганын билдирди.

Эсенбога аэропортунда аба каттамында убактылуу чектөө киргизилди

Бир тараптан Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгы (DHMI) саммит үчүн чыгарылган NOTAMдын алкагында Анкара Эсенбога аэропортунда аба каттамдарына убактылуу чектөөлөр киргизилерин жарыялады.

Чектөөлөр 7-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн 18:00гө чейин жана 8-июлда саат 14:00дөн 21:00гө чейин күчүндө болот.

DHMI чет өлкөлүк мамлекет башчыларын жана расмий делегацияларды ташыган жарандык жана аскердик учактар ​​бул чектөөлөрдөн бошотулаарын билдирип, жүргүнчүлөргө каттамдардын жаңыртууларын кылдаттык менен көзөмөлдөөнү сунуштады.

Ички иштер министри Чифтчи саммит учурунда президенттик комплекстин, ATO Congresiumдун жана делегация мейманканаларынын айланасындагы кыймылга жабыла турган айрым жолдорду атап, жөө жүргүнчүлөрдүн кирүүсүнө эч кандай чектөөлөр болбой турганын кошумчалады.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту