ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин : Россия Украина менен кийинки сүйлөшүүнү Стамбулда өткөрүүгө даяр
Россиянын президенти Путин диалогго түзгөн шарттары үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.
Путин : Россия Украина менен кийинки сүйлөшүүнү Стамбулда өткөрүүгө даяр
/ Reuters
28 Июнь 2025

Россиянын президенти Владимир Путин Москванын Украина менен кийинки тынчтык сүйлөшүүлөрүн Стамбулда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жума күнү Беларусиянын борбор шаары Минск маалымат жыйын өткөргөн Путин Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасынын датасы 2-июнда Түркияда сүйлөшүлгөн согуш туткундарын алмашуу аяктагандан кийин белгиленерин билдирди.

"Жалпысынан биз буга (сүйлөшүүлөрдүн кийинки раунду) даярбыз, жерди жана убакытты координациялашыбыз керек. Түркия Республикасынын президенти (Режеп Таййип) Эрдоган бул процессти колдоо боюнча өзүнүн позициясын улантат деп ишенем жана бул үчүн ага абдан ыраазыбыз", - деди Путин.

Путин кийинки Россия - Украина жыйыны өткөрүлө турган күндү сүйлөшүү топторунун башчылары белгилей турганын айтты.

Россиянын президенти: "Биз мындай жыйынды Стамбулда өткөрүүгө даярбыз. Бирок так качан болору, бул эки тараптын топ жетекчилерине байланыштуу, алар тынымсыз байланышта болуп, жолугушуунун убактысын белгилөө тууралуу тынымсыз байланышта жатышат", - деди.

Путин тынчтык келишими боюнча топтор макулдашылган тексттерди талкуулашы керек деген пикирде экенин да кошумчалады.

Дипломатияны илгерилетүү

Ыстамбул 2022-жылдын мартында – кагылышуу башталгандан көп өтпөй – куралдуу кагылышууну токтотуу үчүн жалпы тил табууга багытталган бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, бирок согушту токтотуу боюнча келишимге жетишилген эмес. Учурда төртүнчү жылына аяк баскан согуш уланууда.

16-майда Россия менен Украина үч жылдан кийин кайрадан Түркиянын ири шаары Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Май жана июнь айларында өткөрүлгөн эки сүйлөшүүдөн кийин Россия менен Украина согуш туткундарын алмашуу боюнча макулдашышты, өзгөчө эң жаш жана оор жаракат алгандарга басым жасалып, куралдуу кагылышууда каза болгон 12 000 аскердин сөөгүн кайтаруу боюнча келишимге жетишти.

Түркиянын президенти кагылышууну токтотуу бюнча көптөн бери аракет кылып, Түркияны тынчтык сүйлөшүүлөрүү жана согушту токтотуу үчүн колунан келгендин баарын жасоо сунушун бир нече жолу билдирген.

ТТүркия Россия менен да, Украина менен да жакшы мамиледе болуу артыкчылыгына ээ.

Иликте
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады