ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Жеңиш майрамында Түркиянын баатырдык тарыхын жана биримдигин мактады
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Жеңиш майрамына карата куттуктоосунда бул өзгөчө күндү Түркиянын эгемендүүлүк, эркиндик жана улуттук биримдик үчүн күрөшүндөгү жеңиш катары мүнөздөдү.
Президент Эрдоган Жеңиш майрамында Түркиянын баатырдык тарыхын жана биримдигин мактады
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 30-август Жеңиш күнү жана Түркия Куралдуу Күчтөрүнүн күнүнө карата Ататүрк мавзолейинде болду. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 30-августта Жеңиш күнү менен куттуктап, бул күндүн Түркия тарыхындагы маанилүү учур экенин белгиледи.

Эрдоган ишемби күнкү кайрылуусунда бул күндү улуттун бекем ишеними, баатырдык руху жана эркиндик менен көз карандысыздык үчүн биргелешкен күрөшүнүн символу катары мүнөздөдү.

Эрдоган:“Биздин баатыр армиябыздын мекенчилдиги жана улутубуздун бирдиктүү эрки менен жетишилген Улуу Жеңиш, туткундуктун чынжырларын үзүп, көз карандысыздыгыбызга жол ачты,”-деди.

Ал Жеңиш күнүн аскердик жеңиш гана эмес, түрк улутунун жашоо үчүн күрөшүнүн жана түбөлүк көз карандысыздыгынын “кайра жаралуусу” катары мүнөздөдү.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилиги астында 1922-жылдын 26-августунда башталган Чоң чабуулдун алкагындагы аскердик кыймыл Түркиянын көз карандысыздыгын камсыздап, ошол эле жылдын 18-сентябрында аяктаган.

Тарыхчылар бул жеңишти Ататүрктүн жетекчилиги астында Түркиянын өз алдынчалуулукка жана Анадолуда түбөлүк жашоого болгон чечкиндүүлүгүн жарыялаган учур катары баса белгилешет.

Түрк улуту “көз карандысыздыгынан эч качан баш тартпайт”

Президент Эрдоган Жеңиш күнү түрк улутуна гана эмес, туткундукта жашаган бардык эзилген элдерге үмүт алып келгенин белгиледи.

Эрдоган:“Бул жеңиш менен түрк улуту дүйнөгө дагы бир жолу бул улут эч качан баш ийбестигин, туткундукту кабыл албастыгын жана көз карандысыздыгынан эч качан баш тартпастыгын жарыялады,” – деди.

Ал бул жеңишти эркиндикке жетүү үчүн күрөшүп жаткан бардык элдер үчүн көз карандысыздык идеалынын күчтүү символу болуп калганын белгиледи.

Президент улуттун милдети – биримдик жана тилектештик менен көз карандысыздык отун күчтүү келечекке алып баруу экенин баса белгиледи.

“Бул маанилүү күнү мекен үчүн өмүрүн арнаган урматтуу шейиттерибизди, айрыкча Гази Мустафа Кемал жана анын куралдаштарын ырайым жана ыраазычылык менен эскерем, ошондой эле баатыр ардагерлерибизге ыраазычылык билдирем. Азиз улутубуздун 30-август Жеңиш майрамын чын жүрөктөн куттуктайм ” – деп жыйынтыктады ал.

Иликте
Улуттук мушкер Хатиже Акбаш Европа чемпионатында медалды кепилдеди
Брюсселдеги коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салуу төрт жылга узартылды
Ирандын парламент спикери: «Трампты терең цивилизациялык, улуттук жана диний каршылык күтүүдө"
Түркия менен АКШ жаңы муундагы реакторлор боюнча келишим түзүп, ядролук кызматташтыгын кеңейтүүдө
Косовонун премьер-министри Түркиянын колдоосунан улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газадагы чабуулдарынан 24 саатта дагы 5 адам каза болду
Түркиянын деңиз флотунун күчү Израилди жаңы суу астында жүрүүчү кемелерди сатып алууга мажбурлоодо
Франция Украинага абадан коргонуу системаларын берет
Ирактын премьер-министри Зейди АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио менен жолугушту
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты