ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ЕБ Россиянын активдерин тартып алууну четке кагып, Украинага негизделген карызды сунуштады
ЕБ Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Украинага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн "структуралык чечим" катары Россиянын бөгөлгөн активдерине негизделген компенсациялык кредит берүүнү сунуштады.
ЕБ Россиянын активдерин тартып алууну четке кагып, Украинага негизделген карызды сунуштады
Урсула фон дер Ляйен / AP

Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен Россиянын тоңдурулган активдеринин конфискацияланбай турганын жана эгер Москва компенсация төлөсө, Украина насыяны кайтарып берерин дагы бир жолу баса белгиледи.

Европа комиссиясынын мүчөлөрүнүн коллегиясы менен коргоо жана коопсуздук маселелерин талкуулоонун алдында Рютте менен өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн фон дер Ляйен: "Активдер конфискацияланбайт. Эгерде Россия компенсация төлөсө, Украина насыяны кайтарып берүүгө милдеттүү", - деди.

Фон дер Ляйен Украинага аскердик колдоо үчүн "структуралык чечим" катары Россиянын камакка алынган активдерине негизделген компенсациялык кредит идеясын сунуштаганын белгилеп: "Кредит бир жолу эмес, бөлүп-бөлүп жана белгилүү шарттарга жараша берилет", - деди.

Фон дер Ляйен өзгөчө Украинанын “алгачкы коргонуу линиясы” экендиигне ишене турган болсо Украинага аскердик жардамдарды көбөйтүү керектигин баса белгиледи.

‘Дрон дубалы бүт Европага кызмат кылат’

Рютте:"Европа Комиссиясы Украинаны SAFE (Европа Коопсуздук Аракеттери) жана башка демилгелер аркылуу мүмкүн болушунча эң жакшы абалга келтирүү үчүн жасап жаткан нерселердин бардыгы өтө маанилүү. Бул Украина үчүн согушта да, мүмкүн болуучу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө да эң күчтүү позицияда болушу үчүн өтө маанилүү", - деди.

Польша жана Эстониядагы окуялардан кийин Даниянын Копенгаген аэропортторунда көрүлгөн дрондорго токтолгон Рютте: «Асманыбызды коргошубуз керек, дрон дубал демилгеси өз убагында жана керектүү кадам»,-деп айтты.

Орус аба мейкиндигин бузуу фактыларынан кийин, ЕБ өлкөлөрү дронго каршы коргонуу системасын куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Европанын коргоо боюнча комиссары Андрюс Кубилюс: "Чыгыш канатын көзөмөлдөө борборунда "дрон дубалы" менен бүткүл Европага кызмат кылат", - деди.

Польша, Румыния, Латвия, Эстония, Норвегия жана Данияны менен бирге көптөгөн ЕБ өлкөлөрү аба мейкиндигин бузуулар же дрондордун тоскоолдуктарын билдиришкен, ал эми учкучсуз учуучу аппараттардын айрымдарынын Россияга таандык экени тастыкталды.

Иликте
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
БУУ: «АКШнын Иранда согуш кылмышын жасаганына карата негиздүү жүйөлөр бар»