ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Глобалдык Сумуд флотилиясында камакка алынган 36 түрк жараны Түркияга кайтууда
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Израиль тарабынан эл аралык сууларда кармалган жарандар үчүн иштердин уланып жатканын билдирди.
Глобалдык Сумуд флотилиясында камакка алынган  36 түрк жараны Түркияга кайтууда
Сумуд флотилиясы / Reuters

Түрк тышкы иштер министрлиги эл аралык сууларда бара жаткан Глобалдык Сумуд флотилиясынын кемелеринде Израиль күчтөрү тарабынан камакка алынган 36 түрк жаранынын бүгүн атайын учак менен Түркияга кайтышы күтүп жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ишемби күнү X социалдык тармагында жасаган билдирүүсүндө: "Так сан азырынча белгисиз. Калган жарандарыбыздын дагы кыска убакыттын ичинде Түркияга келиши үчүн иш-аракеттерди аяктоо боюнча иштерибиз уланууда", - деди. Ошондой эле пландалган каттамда үчүнчү өлкөнүн жарандары да болору белгиленди.

470тен ашуун активист кармалды

Эл аралык жарандык коом уюмдарынан турган Эркиндик Флотилия Коалициясы 2010-жылдан бери Газа блокадасын бузуу жана гуманитардык кризиске көңүл буруу үчүн көптөгөн демилгелерди көтөрдү.

Израилдин деңиз флоту бейшемби күнү Глобалдык Сумуд флотилиясына чабуул жасап, кемелерди басып алып, 50дөн ашуун өлкөдөн 470тен ашуун активистти камакка алды. Флотилиянын максаты Газага гуманитардык жардам жеткирүү жана Израилдин блокадасын бузуу болгон.

Израиль дээрлик 18 жылдан бери 2 миллион 400 миң киши жашаган Газаны блокадага алууда. 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин бомбалоолору көбү аялдар менен балдардан турган болжол менен 66 300 палестиналыктын өмүрүн алып, аймакты жашоого жараксыз абалга алып келди жана блокада Газаны ачарчылыкка алып келди.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди