САЯСАТ
6 мүнөт окуу
Трамп  - Нетаньяху карым  - катнаштарында жаңы бир мезгил: берилгендик жана тирешүүнүн ортосундабы?
Дональд Трамптын акыркы мөөнөтүнөн бери дүйнө өзгөрдү, эң өзгөчөсү да Израилдин Палестинада уланып жаткан геноциди. Бул жерде АКШ менен Израилдин ортосундагы альянс Трамптын президенттигинин тушунда да уланабы же жокпу жакындан карап көрөлү
00:00
Трамп  - Нетаньяху карым  - катнаштарында жаңы бир мезгил: берилгендик жана тирешүүнүн ортосундабы?
(2) Трамп - Нетаньяху карым - катнаштарында жаңы бир мезгил: берилгендик жана тирешүүнүн ортосундабы?
15 Февраль 2025

Дональд Трамптын 2024 – жылы 5 -  ноябрында кайрадан президент болуп шайланышы Израилге берген колдоону өзгөртүшү күтүлбөйт. Бирок Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен карым  - катнаштарынын биринчи мезгилдеги сыяктуу көйгөйсүз улантылышы мүмкүн эместей. Жакынкы Чыгыш да Израиль да Нетаньяху да Трамп кызматтан кеткенден кийин мурдагы абалында  калган жок.

АКШ  -  Израиль карым  - катнаштарында күч алган чыңалуунун ортосунда Нетаньяху 2023 -  жылдын январь айынан бери Байден башкаруусу менен соттук реформа долбоорунан оккупация астындагы мыйзамсыз отурукташууларга чейин бир топ кыйынчылык менен беттешти.  Бул убакыттын ичинде демократтардын кысымына ийгиликтүү чыдамдуулукту көрсөттү жана кээ кээде бул чыдамдуулукту ички саясат стратегиясында бир каражат катары колдонду. Бирок Трамптын алгачкы мезгилиндеги лидерлик стилин  эске алганда Нетаньяхунун ошол эле траекторияны сактап калууда кыйналышы мүмкүн экендиги айтылууда. Андан тышкары Трамптын  биринчи президенттик мөөнөтүндө кылгандай, керек учурда Израилдин саясатын алаксыта ала турган күчтүү Нетаньяхунун азыр да бар же жоктугу согуш басаңдагандан кийин гана белгилүү болот. Эки лидердин арасындагы ишенимдин кемчилиги да бул жерде орчундуу бир маселе катары ортого чыгууда. Трамп  2020  - жылдагы шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык билдирүүнү улантып Нетаньяхунун видеобилдирүү менен Байденди куттуктаган бул кыймыл Трамп тарабынан кийинчерээк  ишенимсиздик деп мүнөздөлдү.

Трамптын күчү Нетаньяхунун алсыздыгы

Нетаньяху  2018 -  жылдан бери  болгон беш шайлоо жана бир жылга созулган оппозиция да болгон саясий туруксуздук мезгилинен кийин ашкере оңчул Диний сионисттик лагердин Кнессетке киришин жеңилдетип 2022 -  жылдын акырында бийликке кайтып келди. Бирок уланып жаткан укуктук күрөштөр жана 7-октябрдагы чабуулдан кийин "Коопсуздук мырзасы" деген имиджди алган соккудан улам  абалы азыр да туруктуу эмес. Нетаньяху өкмөтүнүн улантылышы коалициялык өнөктөштөрүнүн талаптарына карата барган сайын сезимтал болуп, айрым учурларда Ликуддун өз ичиндеги бөлүнүүлөрдү башкарууда кыйынчылыктарга учурады.

Жыйынтык катары Нетаньяху азыркы учурда Израилде саясий жактан түрдүү маневралар менен ордунда калууда ийгиликтүү болгон бир лидер.  Көп сандаган ички маселелерге дуушар болгон Нетаньяху  2025 -  жыл жакындаган сайын шайлоо кысымынын артарын жана кечигүүлөргө карабастан 7 -  октябрдагы коопсуздук ийгиликсиздиктери тууралуу териштирүүнүн жүргүзүлөрүн билет. Өзгөчө 2023 -  жылы  нааразычылык акциялары менен башталган оппозициянын активдүүлүгүнүн  толкуну ылдамдыгын сактап  7 -  октябрдан кийин барымталардын куткарылышына көңүл бурган динамикалуу кыймылга айланды.

 

 

Чектүү тышкы саясат варианттары

Тышкы саясатта Израилдин варианттары  2010 -  жылдардын ортолорунан бери маанилүү өлчөмдө тарайды.  Ал мезгилде Нетаньяхунун Путин менен диалогу бар эле жана Кытай менен карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшү жана Хайфа портунун Кытайдын жол башчылыгында өнүктүрүлүшү сыяктуу долбоорлор менен көп тараптуу демилгелерди колго алган. Бирок АКШ  -  Израиль карым  - катнаштарынын өзгөчө мүнөзүнөн улам бул көп тараптуу мамиле толук иштелип чыга элек. 7 -  октябрдан кийин Израиль тышкы саясаты өзгөчө улуттук коопсуздук санааркоолорунун негизинде Вашингтонго көз каранды абалга келди. Андан тышкары ал күндөн бери Трамп мезгилинен калган Ибрахим келишимдери мурасы жана Израиль менен нормалдашуу фронтун кеңейтүү аракеттери олуттуу ийгиликсиздикке учурады.  Ушуга карабастан  Трамп бул экинчи мезгилге  2017 -  жылга салыштырмалуу дагы күчтүү бир позицияда кирип, дагы көп шайлоо колдоосунан жана жакшырган саясий абалдан пайдаланды.

АКШ саясаттарынын глобалдык жана аймактык деңгээлде өзгөчө да кризистерден таасирленген аймактарда өзгөрөрүнө байланыштуу  абдан маанилүү бир кызыгуу бар. Бул экинчи жана акыркы кызмат мөөнөтү толгондо жана мурдагы мезгилинен алган тажрайбаларга көңүл бурулганда COVID-19  эпидемиясы сыяктуу кыйынчылыктар менен бирге Трамп бул мезгилди күчтүү позиция менен баштагандай байкалууда.  Бул өнүктүрүлгөн  позициясынын акырына чыгарууга убада кылган согуштардын тегерегиндеги талаш  - тартыштарга көңүл буруу менен аймактык саясаттарга болгон мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүн.

Трамп буга чейин кызматташууга барган лидер катары Израилдин аймактык изоляциясын азайтууну максат кылган бир канча негизги окуяларда  роль ойноду : АКШ элчилигинин Кудска көчүрүлүшү жана Абрахам келишимдери. Бул кадамдар эч шексиз Нетаньяхунун позициясын бекемдеди жана бийлигин күчтөндүрүүсүнө шарт түздү. Ал түгүл бул ийгиликтердин Ликуддун 2023 -  жылга чейин улантылган саясий  туруксуздук чөйрөсүндө  парламентте көп орунга ээ болушуна салым кошкондугун да айтууга болот.

 Нетаньяхунун баш  - аламан жеке мамилелери

Нетаньяхунун алдын ала көрө албастыгы аны АКШ президенттери үчүн ишенимсиз абалга алып келди. Өзгөчө да Израилдин максаттары АКШнын аймактык кызыкчылыктарынан айырмаланганда. АКШ  -  Израиль карым  - катнаштарынын абалына негизделген мамилени жактырган Нетаньяху позитивдүү байланыштар менен пикир келишпестиктерди Израиль саясатында рычаг катары колдонууда. АКШнын каршылыгы күчөгөндө, ал өзүн Израилин кызыкчылыктарын коргоочу катары көрсөтүп, Израиль коомчулугунда чоң жаңырык  жаратууда. Мамилелер оңолгон учурда болсо,  оң натыйжаларга жетишүүдөгү  стратегиялык ролун баса белгилөөдө.

Бул эки тараптуу мамиле карым  - катнаштардын чыңалуусунан көз карандысыз түрдө Нетаньяхунун популярдуулугун сактоого жардам берет. Мисалы 2019 – жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Байден жана Путин менен кызматташуусун көрсөттү жана 7 -  октябрдан бери Газада ок атышпоо сүйлөшүүлөрү тууралуу Байден менен карама  - каршы келгенине карабастан өзүн Израилдин кызыкчылыктарын ишеним астына алуу боюнча чечкиндүү көрсөттү.

Нетаньяху бул жерде АКШ башкаруусуна түрдүү убадаларды берип Байденди ок атышпоо планын жарыялагоо үндөгөн. Бирок Нетаньяхунун бул пландын айрым шарттарына каршы чыккан билдирүүлөрү кыска убакытта Байденди кыйын абалда калтырды. Андан башка Нетаньяху дээрлик ар бир жыйындан кийин тескери маалыматтарды берди.

Трамптын лидерлик стилине көңүл бурулганда Нетаньяхунун баш  - аламан маневраларына чыдамдуулук көрсөтүү мүмкүнчүлүгү аз. Нетаньяхунун АКШ администрациясын алаксытып  өзүнүн ички коомдук пикирин тынчтандырууну жана  президенттин аброюна доо кетирүүнү максат кылган  тактикалары Трамптын көзөмөлүндө аз кабыл алынышы мүмкүн.

Согушту акырына чыгаруу убадасыбы?

Администрация же президент ким болсо болсун АКШ  -  Израиль карым  - катнаштарында олуттуу өзгөрүү же АКШнын Израилге берген колдоосунун азайышы күтүлбөйт. Бирок Трамп Нетаньяхунун мамилесине Байден сыяктуу чыдай турган лидер эмес. Башкача айтканда Трамптын экинчи мезгили палестиналыктар үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн бирок Нетаньяхуну  дагы бир кыйын мезгил күтүп жатат.

Трамптын кампаниясынын негизги темаларынын бири согуштарды токтотуу жана бул ыктымалдуу түрдө тышкы саясатын калыптандырат.

Эл аралык дискурстагы мааниси жана күчөгөн күтүүлөргө көңүл бурулганда Трамп башкаруусу бул багытта кадам таштайт. Бирок негизги маселе кандайдыр бир кагылышунун кандай шарттар астында акырына чыгарыларында жатат жана бул да Нетаньяху үчүн абдан кыйын бир маселе. Трамптын «согушту акырына чыгар» позициясынын практикалык таасири ортого чыгары менен Нетаньяху менен карым  - катнашынын динамикалары да такталат.

 

 

Израилге берилген колдоону Нетаньяхудан ажыратуу

Ар кандай шартта, Трамптын бул жаңы мезгилде Нетаньяхуга каршы мажбурлоочу  позицияны кабыл алышы күтүлүүдө. Израилдин толугу менен АКШнын жетекчилигинде иштеши күтүлбөсө да, дагы көп кысым көрсөтүлө аларын айтуга болот.

Трамп үчүн АКШнын Израилге карата колдоосун Нетаньяхудан бөлүү прагматикалык бир мамиле болушу мүмкүн жана Израиль менен Нетаньяхуга карата риторика өзгөрөт. Ушунун негизинде Нетаньяхнун Галланттын ордуна Исраэль Кацты коргоо министри катары дайындашын стратегиялык оңдоп  - түзөө катары кароого болот. Бирок Трамптын кызматын баштагандан мурдагы эки ай боюнча Израилдин улантылып жаткан согушунун эки фронтундагы абалдар табигый түрдө бул карым  - катнаштарга таасирин тийгизет. Ошондуктан Трамптын биринчи мөөнөтүндөгүдөй оң өзгөрүүлөр күтүлбөсө да, кагылышуунун жүрүшү  Трамп-Нетаньяху динамикасындагы кандайдыр бир өзгөрүүнүн тереңдигин аныктоодо негизги фактор болушу мүмкүн.

Иликте
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Түркия Газадагы ок атышпоону улантууга чакырып, гуманитардык жардамдын жетишсиз экенин билдирди
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Финляндияга барды
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты
Пакистан ооган качкындарынын кайтышы үчүн Торхам чек арасын эки жумалык жабылуудан кийин кайра ачты
Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт
Трамп: «Си сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салат»
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
Сирия Косовону расмий түрдө көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары тааныды
Польшалык учактар ​​Балтика деңизинин үстүндө орусиялык учакка бөгөт коюшту