САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Израилдин катуу чабуулдары палестиналыктарды Газадан массалык түрдө качууга мажбур кылды
Израиль абадан кол салуу, артиллериялык аткылоо жана жарылуучу зат жүктөлгөн дрондор менен чабуулдарын күчөткөндүктөн аймактагы палестиналыктар массалык түрдө качууга аргасыз болушту.
Израилдин катуу чабуулдары палестиналыктарды Газадан массалык түрдө качууга мажбур кылды
Газанын түндүгүнө болгон ырайымсыз израилдик чабуулдардан улам палестиналыктарга үйлөрүн таштап, Аль-Рашид жолу аркылуу Газанын борборуна качууга туура келди. / AA

Газа шаарынын түндүк-чыгышынан палестиналыктардын массалык түрдө күч менен көчүрүлүшү башталды. Израиль күчтөрү түндүк жана түштүк тараптан чабуулдарын күчөтүп, бүтүндөй кварталдарды абадан бомбалоо, артиллерия жана жардыргыч дрондор менен аткылоодо.

Палестинанын коопсуздук булагы Анадолу агенттигине Газанын чыгыш бөлүгүндөгү абалдын «тез начарлап баратканын» айтып, мунун кыйроонун масштабдуу көлөмүнө байланыштуу болгонун кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Израиль армиясы түштүк жана түндүк-чыгыш аймактарда кыйратууларды күчөттү. Anadolu агенттигинин кабарчысы тургундардын батыш Газа шаарына же түштүк тарапка качып жатканын билдирди.

Кошумча аткылоолор түштүктөгү ал-Сабра аймагында да катталган.

Израиль жума күнү Газа шаарын "кооптуу согуш аймагы" деп жарыялап, геноцид башталгандан бери эң оор бомбалоолордун бирин баштады. Чабуулдар абадан, жерден жана деңизден жүргүзүлүүдө.

Палестиналык тилкенин эң чоң шаардык борбору болгон Газа шаарында азыр дээрлик бир миллион адам камалып калган.

Бул чабуулдар Израилдин ушул айдын башында бекитилген планынын алкагында жүргүзүлүүдө. Планга ылайык, Газа шаары кайрадан басып алынып, андан ары тилкенин башка аймактарына өтүү каралган. Газа шаары тилкенин калкынын жарымына жакынын камтыйт.

Палестиналык качкындар боюнча БУУнун агенттиги (UNRWA) бул кампания дагы бир жолу бир миллионго жакын адамды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлай турганын эскертти.

Иликте
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Орусия Япониядан АКШнын ракеталык системаларын өз аймагынан чыгарууну талап кылды
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда