ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Түн ичинде Орусиянын аймагына жөнөтүлгөн 244 украиналык дрондун да жок кылынганы айтылды.
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы логистикалык борборлорго, кампаларга жана портторго чабуул жасалганын, украин армиясынын муктаждыктары үчүн колдонулган кемелерге да пилотсуз учуучу аппараттар менен сокку урулганын жарыялады. 

Министрликтин билдирүүсүндө түн ичинде Украинанын Киев жана Одесса облустарындагы ар кандай буталарга чабуул коюлганы кабарланды. 

Киев облусунун Щастливое шаарындагы "BDU Logistic" борборуна сокку урулганы жана анын кампаларында аскердик максаттагы техникалар сакталганы маалымдалды. 

Билдирүүдө ошондой эле Бояркадагы украин аскердик өнөр жай объектилерин камсыз кылган газ бөлүштүрүүчү станция бутага алынганы айтылды. 

Одесса облусунда болсо Одесса портуна украин армиясы үчүн жүк ташыган кемеге сокку урулганы кабарланды. 

Ал эми Измаил портунда аскердик жүктөрдү түшүрүү жана сактоо үчүн колдонулган порт инфраструктурасы бутага алынганы, Одесса портуна Украина армиясы үчүн жүк ташып бараткан дагы бир кеме да жолдо соккуга кабылганы билдирилди. 

Андан тышкары, министрлик түн ичинде Орусиянын аймагына жөнөтүлгөн 244 украиналык пилотсуз учуучу аппараттын жок кылынганын жарыялады.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди