Түркия Түндүк Кипр парламентинин чечимин кубаттады
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз : «Бул чечим Кипр түрк элинин эгемендигин, өздүгүн жана келечегин коргоо чечкиндүүлүгүнүн күчтүү көрүнүшү»,-деди.
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) парламентинин шейшемби күнү Кипр маселесине байланыштуу эки мамлекеттүү чечим сунушун бекитишин кубаттады.
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз NSosyal социалдык платформасында “Бул чечим Кипр түрк элинин өз эгемендигин, өздүгүн жана келечегин коргоо чечкиндүүлүгүнүн күчтүү далили болуп саналат,” – деп жазды.
«Жарым кылымдан бери натыйжа бербеген федерация модели эми чарчады»,- деген Йылмаз: “Аралда чыныгы, туруктуу жана адилеттүү чечим эки эгемен, тең укуктуу мамлекеттин негизинде гана мүмкүн. Бул тарыхый чечимде эки мамлекеттүү чечимге эрктерин көрсөткөн бардык парламент мүчөлөрүбүздү куттуктап, Кипр түрк элинин келечеги, тынчтыгы жана кадыр-баркына карата бул позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Түркия катары кипрлик түрктөрдүн өз алдынча чечим чыгаруу жана келечегин аныктоо эркине колдоо көрсөтүүнү улантабыз” деп кошумчалады.
ТКТР бул резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.
БУУнун ар тараптуу жөнгө салуу аракетине карабастан, Кипрдеги румдар менен түрктөрдүн ортосунда көптөн бери уланып келе жаткан келишпестик бар.
1960-жылдардын башында башталган жана аралдагы түрктөрдү бутага алган этникалык кол салуулар кипрлик түрктөрдү өз коопсуздугу үчүн белгилүү аймактарга чегинүүгө аргасыз кылды.
1974-жылы Грецияны аралды аннексиялоого үндөө максатында кипрдик румдар тарабынан жасалган төңкөрүш Түркиянын кепил мамлекет катары кипрдик түрктөрдү куугунтуктан жана зордук-зомбулуктан коргоо үчүн аралга аскердик кийлигишүүсүнө алып келди.
Натыйжада Түндүк Кипр 1983-жылы түзүлгөн.
Аралдагы тынчтык жараянын жандандыруу үчүн ар кандай кадамдар ташталды, анын ичинде кепил мамлекеттер Түркия, Греция жана Улуу Британиянын колдоосу астында 2017-жылы Швейцарияда ишке ашпай калган аракет да болду.
Түштүк Кипрдин Рум башкаруусу 2004-жылы Европа Биримдигине кошулган; ошол эле жылы румдар БУУнун көптөн берки жаңжалды токтотуу планын бир тараптуу четке кагышкан.