ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
БУУ: Март айынан бери Газада 600гө жакын бала каза болду
UNRWA аймактагы гуманитардык кризистин 2023-жылдын октябрынан берки эң жаман чекке жеткендигин билдирди.
БУУ: Март айынан бери Газада 600гө жакын бала каза болду
Израилдин 18 - марттан бери жасаган кол салууларында 1600дөн ашуун бала жараланды / Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам агнеттиги (UNRWA) өткөн айдан бери Газадагы Израиль кол салууларында 600гө жакын баланын каза болгонун жарыялады.

ЮНИСЕФтин дүйшөмбү күнү жарыялаган маалыматтарына таянуу менен UNRWA Израилдин 18-мартта кол салууларын кйрадан башташынан бери 1600дөн ашуун баланын жаракат алгандыгын маалымдады.

"Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис 2023-жылдын октябрынан берки эң жаман чекке жетти", - деп кошумчалады UNWRA.

18-мартта Газага карата кандуу кол салууларын кайра баштаган Израиль армиясы андан бери 1864 кишини өлтүрүп, 4900гө жакынын жарадар кылды. Бул кол салуулар январь айында күчүнө кирген ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимине карабастан ишке ашты.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага жасаган ырайымсыз кол салууларында көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон 51 миң 200дөн ашуун палестиналык каза болду.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.

Израиль өзгөчө согуштан улам Эл аралык сотто геноцид боюнча козголгон иш менен бетме - бет.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды