ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Газага кириши мүмкүн болгон кемелердин 15 пайызы гана кирди
Палестина өкмөтүнүн маалымат кеңсеси билдиргендей, учурдагы жүк ташуучу унаалардын саны дүйшөмбү күнү кечинде аймакка кириши күтүлгөн 6600дөн бир топ төмөн.
Ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Газага кириши мүмкүн болгон кемелердин  15 пайызы гана кирди
2025-жылдын 21-октябрында түштүк Газадагы Хан-Юнис шаарындагы палестиналыктарга жардам жүктөлгөн жүк ташуучу унаа. / Reuters

Палестина өкмөтүнүн Газадагы медиа кеңсеси шейшемби күнү ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери гуманитардык жардам ташыган 986 жүк ташуучу унаанын гана аймакка киргенин, мунун ок атышпоо келишими боюнча макулдашылган сандан бир топ төмөн экенигин жарыялады.

Медиа кеңсеси дүйшөмбү күнү кечинде Газага жалпысынан 6600 жүк ташуучу унаанын кириши керек экенин билдирди.

Билдирүүгө караганда ок атышпоо күчүнө киргенден бери Газага кирген жүк ташуучу унаалардын күнүмдүк орточо саны 600 болушу керек бирок бул сан 89дан ашкан жок.

Медиа кеңсеси өзгөчө: «Бул абал Израилдин баскынчылыгынын Газадагы 2,4 миллиондон ашуун палестиналыкты кыйынчылыкка түртүү, ачарчылык жана гуманитардык шантаж саясатынын уланып жатканын көрсөтүүдө»,-деп билдирди.

Аймакка мештер, ооруканалар, генераторлор жана башка маанилүү кызматтарды көрсөтүү үчүн 14 жүк ташуучу газ баллондору жана 28 жүк ташуучу күйүүчү май, химиялык отун алып келинди.

Өкмөт бул чектелген жүктөрдүн Газанын негизги муктаждыктарын канааттандыруудан алыс экенин баса белгилеп, «азык-түлүк, медициналык буюмдар, жардам материалдары, операциялык күйүүчү май жана тамак бышыруучу газ сыяктуу жүктөрдү ташыган 600 жардам ташуучу унаанын күн сайын шашылыш жана үзгүлтүксүз келиши турмуштук зарылдык»,-деди.

Газада ок атышпоо келишими 10-октябрда күчүнө кирди. Бул келишим АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган этаптуу пландын негизинде түзүлдү.

Биринчи этапта израилдик барымтадагыларды палестиналык туткундарга алмаштыруу камтылган. План Газаны кайра курууну жана ХАМАСты кошпогон жаңы башкаруу механизмин түзүүнү да күтүүдө.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин геноциддик согушунда 68 200дөн ашуун адам каза болуп, 170 200 киши жаракат алган.

Иликте
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду