Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган шейшембиден тарта Перс булуңундагы үч өлкөгө расмий сапарын баштады. Бул сапар Анкаранын аймактагы экономикалык жана стратегиялык таасирин тереңдетүү максатын көрсөтөт.
Президент Эрдоган расмий сапарларын Кувейттен баштап, 22-23-октябрда Катар жана Оманга барат.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран X платформасында билдиргендей, сапардын алкагында эл аралык маселелер, өзгөчө аймактык окуялар боюнча консультациялар өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Дуран ошондой эле аймактык өлкөлөр менен болгон эки тараптуу карым-катнаштардын бардык аспектилери каралып, учурдагы кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү аракеттери талкуулана турганын билдирди.
Президенттин жогорку деңгээлдеги делегация менен ишке ашыра турган сапарынын алкагында ар түрдүү эки тараптуу келишимдерге да кол коюлушу күтүлүүдө.
Президент Эрдоган сапарынын алгачкы аялдамасы Кувейтте Эмир менен жолугушат.
Булуң сапарынын экинчи аялдамасы Катар болот. Эрдоган шаршемби күнү Дохада Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуу өткөрөт.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелерден тартып аймактык маселелерге чейин кеңири темалар талкууланат. Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жана аймакты калыбына келтирүү маселелери негизги күн тартибинде болот.
Бейшемби күнү Эрдоган сапарынын акыркы аялдамасы Оманга барат. Маскатта Султан Хайтам бин Тарик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Экономикалык кызматташтык менен катар аймактык маселелер да каралат.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, күн тартибин соода, энергетика, коргонуу жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коопсуздуктун актуалдуу маселелерин чечүү түзөт.
Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин эл аралык мамилелер боюнча адиси, профессор Октай Танрысевер TRT World телеканалына: «Бул сапарлар экономикалык кызматташтык менен эле чектелбейт. Түркиянын аймактык коопсуздукка болгон берилгендигин көрсөтүү максатын да көздөйт, өзгөчө Израилдин Дохага кол салуусунан кийин жана Газа менен Сирияны калыбына келтирүү иштери учурунда»,- деди.
Коопсуздук жана экономикалык тең салмактуулук
Президент Эрдогандын расмий сапарлары Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишиминин жана Асад режиминин кулашынан кийин Сирияны калыбына келтирүү аракеттеринин алкагында өтүүдө.
Адистердин айтымында Түркия коопсуздуктун кепили жана калыбына келтирүү өнөктөшү катары иш алып барууда.
Анкара Хажы Байрам Вели университетинен доцент доктор Суай Нилхан Ачыкалын TRT World телеканалына берген маегинде, Газадагы ок атышпоонун ырааттуулугу сүйлөшүүлөрдүн борборунда боло турганын айтты.
Ошол эле учурда бул сапарлар Түркияга энергетикадан жасалма интеллектке чейин кеңири тармакта кызматташуу мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгиледи.
Анкарадагы расмий өкүлдөр экономикалык дипломатиянын коопсуздук менен тыгыз байланышта экенин айтышууда. Коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жаткан Булуң мамлекеттери Түркиянын коргоо өнөр жайы экспортунда барган сайын маанилүү болуп баратат.
Танрысевер: “Президент Эрдоган Перс булуңундагы өлкөлөр менен карым-катнаштарга ар дайым чоң маани берип келген, бул сапарлар экономикалык жана коопсуздук байланыштарын дагы да бекемдейт,” - деди.
Президент Эрдоган буга чейин Кувейт жана Катарга бир нече жолу барган, бирок Оманга президент катары алгачкы расмий сапары болуп саналат.
Байкоочулар мунун символикалык мааниси бар дешет. Ачыкалын: «Маскат сапары өзүнчө маанилүү. Бул эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы барак ачуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, Түркиянын Омандын салттуу көз карандысыз тышкы саясатына жана аймактык ортомчу ролуна кызыгуусун көрсөтүүдө»,-деди.
Келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө
Дипломатиялык булактар сапар учурунда бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге кол коюларын билдиришти.
Бул келишимдер инвестиция, энергетикалык коопсуздук жана санариптик трансформация сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтет.
Жасалма интеллект сыяктуу жаңы тармактарды күн тартибине киргизүү менен Түркия Булуң мамлекеттеринин модернизация стратегияларына шайкеш келүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.
Келишимдердин Түркиянын мамилесинин кеңдигин чагылдыра турганын айткан Ачыкалын: «Коргонуу келишимдеринен санариптик өнөктөштүккө чейин Перс булуңу Анкара көп кырдуу дипломатия көрсөткөн аймактардын бирине айланууда»,-деди.
Бул сапарлар аймактык жана эл аралык коомчулукка да билдирүү жөнөтөт.
Президент Эрдогандын сапарлары, регионалдык туруксуздуктан улам барган сайын тынчсызданып жаткан Перс булуңунун борборлору үчүн Анкаранын өнөктөш жана стабилизатор катары аракеттенүү ниетин көрсөтүп турат.
Танрысевер: «Түркиянын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна болгон кызыгуусу жөн гана риторикалык эмес, конкреттүү коргонуу, соода жана дипломатиялык демилгелер менен колдоого алынууда»,-деп кошумчалады.
Адистер бул сапардын жыйынтыктары Түркиянын эки тараптуу байланыштарын гана бекемдебестен, Перс булуңу аймагындагы экономикалык жана коопсуздук архитектурасын калыптандыруудагы таасирин да көрсөтөт деп болжолдошууда.























