ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түрк чалгын кызматы Пакистан менен Ооганстандагы жаңжалдарды токтотууда негизги ролду ойнойт
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Түркиянын Дохадагы жетекчилиги Пакистан менен Ооганстанды согуштук аракеттерди токтотууга жана чек ара боюнча узак мөөнөттүү чечимдер үчүн Стамбулда жолугушууларды өткөрүүгө багыттады.
Түрк чалгын кызматы Пакистан менен Ооганстандагы жаңжалдарды токтотууда негизги ролду ойнойт
Түркиянын чалгын кызматынын башчысы Ибрахим Калын сүйлөшүүлөргө активдүү катышып, Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы арачылыкка жардам берди. / AA

Түркиянын коопсуздук булактары жекшемби күнү Пакистан менен Ооганстандын ортосунда Катардын борбору Дохада эки тарап ок атышууну токтоосуз токтотуу боюнча макулдашылган сүйлөшүүлөрдө түрк чалгындоо уюмунун маанилүү роль ойногонун ачыктады.

Маалымат булактары Түркия жана Катардын колдоосу менен Дохада Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калындын катышуусунда Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы жаңжалга байланыштуу сүйлөшүү өткөргөнүн билдирди.

Ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Пакистан менен Ооганстандын чалгындоо кызматтарынын жетекчилери жана коргоо министрлери да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби «учурдагы ок атышпоонун мөөнөтүн узартуу жана соңку чек ара жаңжалдарын чечүү» деп белгиленди.

Түн бир оокумга чейин созулган сүйлөшүүлөрдө Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган баш болгон дүйнө лидерлери окуялар тууралуу маалымат алышты.

Ок атышпоонун деталдары Стамбулда талкууланат

Ок атышпоонун туруктуу жана текшериле турган түрдө уланышын камсыз кылуу үчүн алдыдагы күндөрдө кийинки жолугушуулар өткөрүлөт.

14 саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышпоонун чоо-жайын иликтей турган техникалык комитеттин биринчи жыйынынын Стамбулда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды. 

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы терроризм, миграция жана чек ара коопсуздугу сыяктуу маселелерди туруктуу чечүүгө карай узак мөөнөттүү кадамдар каралат.

11-октябрда Стамбулда Түркия, Пакистан жана Катардын чалгындоо кызматтарынын жетекчилери үч тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда Ооганстан менен бир убакта байланыштар түзүлдү.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды