Түркия мурдагы тышкы иштер министри, учурда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы кызматын аркалаган элчи Феридун Синирлиоглунун талапкерлигин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы кызматына расмий түрдө көрсөттү.
Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Анадолу агенттигине берген билдирүүсүндө талапкерликке байланыштуу расмий кат БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагалыгына тапшырылганын билдирди.
«Президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдоган элчи Синирлиоглунун БУУнун башкы катчысы кызматына керектүү сапаттарын, жөндөмдөрүн, эл аралык тажрыйбасын жана ага болгон ишенимин эске алып, анын талапкерлигин көрсөтүүнү туура көрдү», — деди Йылдыз.
Йылдыз БУУнун башкы катчысын шайлоодо азырынча бирдиктүү пикирге келинген талапкердин жок экенин белгилеп, Түркия уюмдун ишин жеңилдетүү максатында Синирлиоглунун талапкерлигин көрсөткөнүн айтты.
Ошол эле учурда Йылдыз бул шайлоодо талапкерди Латын Америкасы жана Кариб деңизи аймагынан тандоо боюнча калыптанган салтка сый көрсөтүшөрүн, ошондуктан Түркиянын ушул убакка чейин күткөнүн баса белгиледи.
Элчи Йылдыз талапкерликке байланыштуу расмий катка Синирлиоглунун өмүр баяны жана келечекке карата көз карашын камтыган документи да тиркелгенин кошумчалады.
Тажрыйбалуу түрк дипломаты Феридун Синирлиоглу 2015-жылдын августунан ноябрь айына чейин Түркиянын тышкы иштер министри, 2016–2023-жылдары өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеген. Учурда ал ЕККУнун башкы катчысы кызматын аткарууда.





















