ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Бангладеш Индия менен күч алган чыңалуудан улам 21 миллион долларлык коргонуу келишимин токтотту
Бангладеш Индиянын Бангладештин импортуна койгон чектөөлөргө жооп катары Индиянын Garden Reach Shipbuilders & Engineers Ltd (GRSE) фирмасы тарабынан бериле турган океандагы буксирлер үчүн негизги коргонуу келишимин жокко чыгарды.
Бангладеш Индия менен күч алган чыңалуудан улам 21 миллион долларлык коргонуу келишимин токтотту

Индия менен Бангладештин ортосундагы карым - катнаштар Бангладештин Калькутта шаарында жайгашкан мамлекеттик сектордук Garden Reach Shipbuilders & Engineers Ltd (GRSE) компаниясы менен 21,08 миллион долларлык ири коргонуу келишимин жокко чыгаргандан кийин күтүүсүздөн начарлады.

Жокко чыгарылган келишим Бангладештин Аскер-Деңиз флоту үчүн жогорку технологиялуу океан сүйрөөчү кемесин курууну камтыган. Мындай кемелер терең деңизде сүйрөө жана куткаруу иштери үчүн иштелип чыккан жогорку баалуу куралдар.

Индиянын күнүмдүк чыккан гезит Business Standard маалыматына ылайык: “Бул чечим GRSE тарабынан шаршемби күнү биржага берилген билдирүүдө ырасталды жана Индиянын коргонуу экспортторуна олуттуу сокку урду.

Индиянын Коргоо министрлигинин карамагында иштеген GRSE: “Бангладеш Эл Республикасынын Өкмөтүнүн бул буйрутманы токтоткондугун билдирүүнү каалайбыз”,- деп билдирди.

Бангладеш бул чечимдин расмий себебин ачыктаган жок; бирок эксперттер бул кадамга Индияга каршы жооп катары карашууда. Дели жакында аймактык соода боюнча саясатын өзгөрткөн болчу.

"Business Standard" гезити Бангладештин жокко чыгаруу чечимине Индиянын кадамдары 18-майда эле жасалганын билдирди. Маалыматка ылайык, Нью-Дели ошол күнү "даяр кийим жана кайра иштетилген азык-түлүктөрдү кошкондо, Бангладеш товарларынын импортуна катуу чектөөлөрдү киргизип, өзгөчө Түндүк-Чыгыштагы Интеграцияланган көзөмөл пункттарында (ICP) бул продукциялардын өтүшүнө тоскоолдук кылган. Бул кадам Бангладештин ушул жылдын башында киргизген соода чектөөлөрүнө жооп болгон."

Иликте
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
Фидан: АКШ менен Иранга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштайбыз
Улуттук коргоо министрлиги: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын түптөлгөнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды
Окумуштуулар Австралиянын жээгинен дүйнөдөгү эң чоң киттер көмүлгөн жерди табышты