Астанада түрк жана казак мугалимдери жолугушту
МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Астанада түрк жана казак мугалимдери жолугуштуТИКА: «Билим берүү жаатындагы кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштарды дагы бекемдеди».
TİKAнын колдоосу менен түрк жана казак мугалимдери Астанада жолугушту.

Казакстандын баш калаасы Астанада өткөрүлгөн эл аралык билим берүү программасына түрк жана казак мугалимдер чогулду.

ТИКАнын (Түркиянын Кызматташтык жана Координация Агенттиги) колдоосу менен, Түркия Республикасынын Улуттук Билим берүү министрлиги менен Астана шаарынын Билим берүү башкармалыгынын кызматташтыгында уюштурулган бир жумалык окутуу программасы сертификат тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.

Программа алкагында Улуттук Билим берүү министрлигинен жиберилген 6 адис Казакстандын ар аймагында иш алып барган 120 мугалимге ар кыл темалар боюнча сабак өттү.

Мугалимдер аталган сабактарда заманбап окутуу ыкмаларын теориялык билим менен практикалык иш-чараларды айкалыштырып бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Программанын соңку күнүндө "Интеграцияланган окуу жана окутуу моделдерине киришүү" тренингине катышкан мугалимдер окутуу учурунда алган билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуп, өз сабактарына арналган уникалдуу окуу сценарийлерин даярдашты. Ошондой эле уюштурулган долбоор көргөзмөсүндө бул иш-аракеттерин көрсөтүп, бири-бири менен тажрыйба жана ой бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тапты.

Сертификат тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн ТИКАнын Астана программасынын координатору Фуат Эрдогмуш билим берүү жаатындагы кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык байланышын дагы бекемдейт деп белгиледи.

Иликте
Түштүк Африкадагы сериялык киши өлтүрүүлөр: сөөгү табылган аялдардын саны 9га жетти
Ок атышпоо келишимине карабастан Израилдин Газага чабуулдарынан беш адам каза болду
Йемен АКШны хуситтерди колдоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды
Франция Ливан армиясын колдоо боюнча конференция өткөрүүдө
Россия менен Украина бири бирине карата чабуулдарда маанилүү жерлерди бутага алды
Түштүк Корея менен Франция үч жылдан кийин биргелешкен аба машыгуусун өткөрүштү
Канада Улуу Британия жетектеген Биргелешкен Экспедициялык Күчтөргө кошулуу өтүнүчүн берди
Түндүк Корея МАГАТЭнин чакырыгын четке кагып, позициясы «так» экенин билдирди
Түркия хуситтердин дрон чабуулун айыптады
АКШнын Башкы штабынын башчысы: "Айдын айланасында согушууга даярданышыбыз керек"
АКШнын президенти Трамп: "Иран менен согуштун аягына карай бара жатабыз"
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышары пландаштырылган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты
Израилдик министр: "Газага комплекстүү чабуул жасалышы мүмкүн"
Дүйнөлүк Экономикалык Форум: "Глобалдык гендердик теңдик 120 жылдан кийин гана мүмкүн болот"
Бахрейн Жакынкы Чыгыштагы белгисиздикке карабай 2027-жылкы Формула 1 сезонун ачууга даярданып жатат