Хакан Фидан : Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы тынчтыкка карай кеткен кадам

Түркиянын ортомчулук ролун баса белгилеген Хакан Фидан: "Сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү жана натыйжага багытталган нукта жылып жатканын кубануу менен байкап жатабыз", - деди.

/ AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан шаршемби күнкү билдирүүсүндө Россия менен Украинанын Стамбулдагы акыркы сүйлөшүүлөрү согушту токтотуу жолундагы бир кадам экендигин белгилеп : “Ар бир жаңы жетишкендик тараптарды тынчтыкка бир кадам жакындатат”,- деди.

Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн тикелей сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасында эки тараптан тең кеминде 1200 аскер туткунду алмашуу тууралуу келишимдин түзүлгөнүн жана балдар да болгон жарандардын өз өлкөлөрүнө кайтарылышы үчүн кошумча кадамдардын ташталганын билдирди.

Фидан Түркиянын көмөкчү ролун баса белгилеп: «Сүйлөшүүлөрдүн дагы конструктивдүү жана жыйынтыкка багытталган нукта жылып жатканын байкап жатабыз",- деди.

Фидан ок атышпоо боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү активдештирүү жана позицияларын жакындатуу боюнча мүмкүн болгон кадамдарды талкуулашкандыктарын жана саясий, гуманитардык, аскердик маселелер боюнча жумушчу топторду түзүү идеясын изилдөө чечимин чыгаргандарын билдирди.

Фидан: «Тараптардын чечүүчү жолго карай орток эрк куруу аракетине дагы бир кирпич коюлду. Сүйлөшүүлөр сабырдуулук менен жүргүзүлө турган процесс. Ар бир жаңы жетишкендик тараптарды тынчтыкка бир кадам жакындатууда”,- деди.

Украина делегациясынын башчысы Рустем Умеров Киевдин август айынын аягына чейин президенттик деңгээлдеги жолугушуу уюштурууну сунуштап, Түркияга ортомчулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Украина ошондой эле эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга даяр экендигин белгиледи.

Россия тараптан сүйлөшүүчү Владимир Мединский туткундарды алмашуу боюнча макулдашылганын жана жарадарларды эвакуациялоо, каза болгон жоокерлерди алып кетүү үчүн кыска мөөнөттүү ок атышууларды токтотууну сунуштады.

Мединиский Москванын украиналык балдардын кайтарылышы үчүн тизмени карап чыкканын жана сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасына даяр экенин билдирди.