ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Тайфундан улам 45 миң үй-бүлө электр жарыгысыз калды.
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Япониядагы «Дужуан» тайфунунун кесепетинен 4 адам каза болду

Японияда Дужуан тайфунунан улам төрт адам каза болду.

Япониянын метеорология агенттигинин билдирүүсүндө, Дужуан тайфуну Япониянын борбордук жана Тынч океандын чыгыш жээктерине карай жылып баратканы белгиленди.

Тайфундун алып келиши мүмкүн болгон катуу жаан-чачынга жана жер көчкүлөргө каршы борбор калаа Токионун 100 километр түштүгүндөгү Изу аралдарынын эң чоңу болгон Изу Ошимада эң жогорку деңгээлдеги эскертүү жарыяланды.

Япониядагы 5 күндүк майрам мезгилине туш келген тайфундан улам борбор шаар Токиодо транспорттук кызматтарда үзгүлтүктөр болуп, кээ бир иш-чаралар токтотулду.

45 000 үй-бүлөнүн электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келген тайфундун Токионун чыгышындагы Чиба префектурасынан өтөрү күтүлүүдө.

4 адам каза болду

Тайфун Токиодо катуу жаан-чачынга ал эми Чиба жана Канагава префектураларында жер көчкүгө алып келди.

Бийлик өкүлдөрү тайфундун айынан Чиба жана Канагавада төрт адамдын каза болгонун билдиришти.

All Nippon Airways жана Japan Airlines авиакомпаниялары Токиодогу Ханеда аэропортуна жана андан учкан 270тен ашык каттам токтотулуп, болжол менен 40 000 адамдын жабыркаганын жарыялашты.

Nikkei гезитинин маалыматы боюнча, Токиодо жана анын тегерегиндеги алты префектурада жалпысынан 1,9 миллион адам эвакуацияланды.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз