ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ сенаты Батыш Шериадагы адам укуктары боюнча отчетту талап кылган мыйзам долбоорун четке какты
Сенатор Сандерс: "АКШ бул зомбулукту каржылоону уланта албайт жана Батыш Шериада же Палестинада болуп жаткан окуяларга көз жумуп коё албайт. Кылмыш өнөктөштүгүн токтотуунун учуру келди".
АКШ сенаты Батыш Шериадагы адам укуктары боюнча отчетту талап кылган мыйзам долбоорун четке какты
(АРХИВ) АКШ сенатору Берни Сандерс

АКШ cенаты Трамп администрациясынан оккупацияланган Батыш Шериадагы адам укуктарынын бузулушунун күчөшү боюнча Конгресске отчет берүүнү талап кылган резолюцияны четке какты.

The Hill гезитинин маалыматы боюнча, Палестинадагы зомбулукту документтештирүү үчүн демократтар тарабынан сунушталган резолюция cенатта 51 добушка каршы 47 добуш менен четке кагылды.

Сенатта четке кагылган резолюция Израилдин оккупация астындагы Батыш Шериада палестиналык балдарды кармап турушу жана АКШ жарандарынын өлтүрүлүшү да болгон адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Мамлекеттик департамент тарабынан Конгресске отчет сунуштоону карап жатат.

Эгер резолюция кабыл алына турган болсо Трампт администрациясы отчетту Конгресске 30 күндүн ичинде тапшырышы керек болбосо Израилге коопсуздукка байланыштуу жардамдын чоң бөлүгү токтотулмак.

Резолюцияны киргизген демократ сенатор Крис Ван Холлен X социалдык медиа аккаунтунда тема тууралуу билдирүүсүндө жыйынтыкка каршылык көрсөттү.

Ван Холлен 47 сенатордун Батыш Шериада күн сайын адилетсиздикке дуушар болгон палестиналыктар жана өлтүрүлгөн 9 америкалык жаран үчүн жоопкерчиликке тартылышын караган резолюция долбоорун колдогонун билдирди.

Резолюция бүгүнкү күнгө чейин эң күчтүү колдоого ээ болгонун белгилеген Ван Холлен: "Республикачылар бизге бөгөт болду бирок адилеттүүлүк орногонго чейин токтобойбуз", - деди.

«Кылмыштуу шериктештигибизге чекит коюу убактысы келди»

Демократ сенатор Тим Кейн, Палестинадагы геноцидге cенат трибунасынан көңүлдөрдү буруп, Батыш Шериадагы кырдаалды "өтө оор" деп мүнөздөп, палестиналыктарга карата эч кандай жоопкерчиликке тартылбаган олуттуу кол салуулар болгону тууралуу коомчулукка белгилүү болгон олуттуу мисалдар бар экендигин белгиледи.

Сенатор Берни Сандерс да иш-чарада сөз сүйлөп:"Жетишет. АКШ мындан ары бул зомбулукту каржылоону уланта албайт жана Батыш Шериада же Палестинада болуп жаткан окуяларга көз жумуп коё албайт. Кылмыш боюнча өнөктөштүккө чекит коюуга убакыт келди", - деди.

Иликте
Президент Эрдогандын түрк мамлекеттерин кызматташтык күнү менен куттуктады
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду