Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) 15-Пленардык отурумуна катышуу үчүн барган Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды.
Төрага Куртулмуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрагасы Сахиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай, Өзбекстандын Жогорку Жыйынынын Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламентинин төрагасы Зия Өзтүрклер жана ТҮРКПАнын башкы катчысы Рамил Хасан менен бирге ТҮРКПАнын 15-Пленардык отурумунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.
Кыргыстандын Президенттик администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында өткөн жолугушууда түрк дүйнөсүндөгү окуялар, кызматташуулар жана ТҮРКПАнын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.






















