ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
Израилдин катышуучулардын арасында орун алганына байланыштуу 2026-жылкы Евровидение ыр сынагына катышпаган Ирландия, Газада болуп жаткан окуяларга шилтеме жасап, кийинки жылы да сынакка катышпай турганын жарыялады.
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
Венада «Евровидение» ыр сынагынын чоң финалынын алдында адамдар Израилге каршы нааразылык билдиришүүдө, 2026-жылдын 16-майы. /Сүрөт: AP архиви

Ирландиянын коомдук телерадиокомпаниясы RTÉ жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө сынакка катышуу боюнча позициясы кийинки жылга чейин өзгөрбөй турганын билдирди.

Билдирүүдө: «RTÉ Газада адам өмүрүнүн кыйылышы жана көптөгөн жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан гуманитардык кризис улантып жатканын эске алуу менен, Ирландиянын сынакка катышуусун негиздүү деп эсептебейт», — деп айтылды.

RTE билдирүүдө эл аралык журналисттердин азыр да Газага кирүүсүнө тыюу салынып жатканына тынчсыздануусун баса белгиледи.

Өткөн жылы Ирландия менен бирге бир топ өлкө Израилдин катышуусунан улам Евровидение ыр сынагына катышпоо чечимин чыгарышкан.

2023-жылдан бери Газада геноцид жасап жаткан Израиль 2025-жыл да, 2026-жыл да жарышта жеңүү алдында турган, бирок эки жолу тең экинчи орунду алды.

Евровидение ыр сынагы 1955-жылы биринчи жолу өткөрүлүп, ошондон бери континенттин эң жогорку деңгээлдеги поп-платформасы болду. Сынак швециялык легенда ABBAны дүйнөгө таанытты жана Селин Дион, Клифф Ричард, Оливия Ньютон-Джон сыяктуу ысымдардын атактуу болушуна салым кошту.

Израилдин 2026-жылдагы иш-чарага катышуусуна байланыштуу беш өлкө бойкот жарыялагандан кийин, көрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 35 миллионго азайып, 131 миллионго жетти.

Нидерландия, Исландия, Испания, Ирландия жана Словения 2026-жылдагы сынакка катышкан жок. Испания, Ирландия жана Словения программаны көрсөткөн да жок.

Кийинки жылдагы иш-чара 15-майда Болгариянын Кара деңиз жээгиндеги Бургас шаарында өтөт.

Иликте
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»