ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Косовонун премьер-министри Түркиянын колдоосунан улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Курти Косово менен Түркия достук мамилелерин тереңдетип, экономикалык жана соода мамилелерин көбөйтүп бекемдей берерин айтты.
Косовонун премьер-министри Түркиянын колдоосунан улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди
БУУнун 81-Башкы Ассамблеясына байланыштуу Нью-Йоркто жүргөн Президент Эрдоган Албаниянын премьер-министри Альбин Куртини кабыл алды.

Косовонун премьер-министри Альбин Курти Косово мамлекетинин түзүлүүсүнүн бардык этаптарында, анын өнүгүшүндө, дипломатиялык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо жана НАТОго мүчө болуу процессинде Түркиянын көрсөткөн колдоосунан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Альбин Курти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 81-Башкы Ассамблеясынын алкагында Нью-Йоркто президент Эрдоган менен өткөргөн жолугушуусу тууралуу социалдык медиа баракчасында пост жарыялады.

Альбин Курти Косово мамлекетинин түзүлүүсүнүн бардык этаптарында, өлкөнүн өнүгүшүндө, дипломатия тармагында, аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо, коргоо өнөр жайынын пайдубалын түптөөдө жана өлкөсүнүн НАТОго мүчө болуу процессинде Түркиянын көрсөткөн колдоосу үчүн президент Эрдоганга рахмат айтты.

Түркиянын НАТОнун Косово тынчтык күчтөрүндөгү (KFOR) көп жылдык ролу жана Косовонун коопсуздугу менен туруктуулугуна кошкон олуттуу салымы үчүн да Эрдоганга ыраазычылык билдирген Курти KFORдун эки мөөнөт командири болуп иштеген генерал-майор Өзкан Улуташтын кесипкөйлүгүнө көңүл бурду.

Курти Түркия менен Косовонун ортосундагы соода-сатык өсүп жатканын, соода көлөмү 1 миллиард долларга жеткенин, келечекте аны андан ары көбөйтүү максаты коюлганын баса белгиледи.

Косоводогу түрк инвестицияларынын көбөйүшүнө токтолгон Альбин Курти мисал катары Косово өкмөтү менен Улуттук коргоо министрлигине караштуу Машина куруу жана химия өнөр жай корпорациясынын (MKE) кызматташтыгында Гяковада курулуп жаткан ок-дары заводун көрсөттү.

Курти Эрдоган менен жолугушуусунда, өткөн аптада Нидерландиянын Гаага шаарында Косово боштондук армиясынын (KLA) мурдагы командирлери, Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи, Кадри Весели, Рексхеп Селими жана Якуп Красникинин согуш кылмыштары үчүн соттолушун да талкуулаганын кабарлады.

Косовонун премьер-министри Сербиядагы албан коомчулугуна карата уланып жаткан системалуу басмырлоо да каралганын, аймактагы бардык мамлекеттик мекемелерде албандардын жетишсиз өкүлдүк кылынышы күн тарбине коюлганын айтты.

Косово менен Түркия достук мамилелерин тереңдетүүнү, экономикалык жана соода байланыштарын көбөйтүп чыңдоону уланта берерин билдирген Курти Эрдоганды Косового чакырганын маалымдады.

Иликте
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Президент Эрдоган Стамбулдун оккупациядан бошотулушунун 103 жылдыгы менен куттуктады
ЦРУ Израилдеги ички чыр-чатактардын коркунучу тереңдеп баратканын эскертти