Түркия Сомалиде биринчи чет элдик терең деңиз бургулоо операциясын баштады
Түрк бургулоочу кемеси "Чагры Бей" Сомали жакындарындагы " Curad-1" кудугунда бургулоо иштерин жүргүзөт. Кеменин 288 күн бою 7 миң 500 метр тереңдикте иш алып барышы күтүлүүдө.
Түркиянын терең деңиз бургулоочу кемеси Анкаранын чет өлкөдөгү биринчи терең деңиз бургулоо операциясынын башталышын белгилеген "тарыхый миссия" үчүн Сомалиге барды. Бул тууралуу энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар жарыялады.
Байрактар жума күнү Могадишодо өткөн аземде: "Чагры Бей кемебиз тарыхый миссиясы үчүн Сомалиге жетти", - деди.
Бул операциянын "Түркиянын да, Сомалинин да энергетика тарыхында жаңы барак ачарын" айткан Байрактар: "Чек арабыздан тышкары биринчи терең деңиздеги бургулоо операциябыз үчүн Жараткандан жеңилдик тилейбиз", - деди.
Түркиянын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, «Чагры Бей» кемеси Сомали жээгиндеги “Curad-1” кудугунда бургулоо иштерин жүргүзөт жана 288 күн бою 7 миң 500 метр тереңдикте иштейт.
Сомали да бул күндү тарыхый деп мүнөздөдү.
Сомалинин минералдык ресурстар министри Дахир Шире Мухамед: "Бүгүн Сомали үчүн мунай бургулай турган түрк кемесин тосуп алуу үчүн тарыхый күн. Бул ошондой эле жаңы үмүт жана отун ресурстарын пайдалануу жагынан оң кадам", - деди.
Бургулоо кемесинин иши болжол менен 10 айга созулат деп күтүлүүдө.