Израиль кайтарып берген 54 палестиналык үчүн жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Газазалык жетекчилердин айтымына караганда ок атышпоонун негизинде кайтарылып берилген туткундардын сөөгүндө кыйноонун издеринин табылганы бирок соттук териштирүүлөр чектелүү болгондуктан үй-бүлөлөр жакындарын тааный албай жатат.

Бийликтердин айтымында, катуу деформациядан улам көпчүлүк туткундарды дароо аныктоо мүмкүн болгон жок. / AA

Шаршемби күнү жүздөгөн палестиналыктар Израиль менен болгон ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында кайтарылган 54 туткундун сөөгүн акыркы сапарга узатуу үчүн Газанын борбордук бөлүгүндө чогулушту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөөктөрдө кыйноонун далилдеринин бар экенин билдиришти

Аза күткөндөр Палестинанын желектерин көтөрүп, дуба кылган жаназа зыйнаты Дейр аль-Балах шаарында өттү. Сөөктөрдүн көбү кепинге оролуу менен жерге берилди.

Бийлик өкүлдөрү туткундардын көбүнүн денесинин таанылгыс абалга келгендиктен күбөлүктөрүн агыктоо кыйын экендигин билдиришти.

Палестина өкмөтүнүн Газадагы медиа кеңсесинин директору Исмаил ал-Тавабта журналисттерге медициналык топтордун кыйноо белгилерин тапканын айтты. Бул издердин арасында асып өлтүрүү жана жакын аралыктан атылган ок жаралары бар.

Ал-Тавабта Эл аралык кылмыш сотун жана эл аралык коомчулукту бул маселе боюнча иликтөө баштоого чакырып: "Бул актылар жер-жерлерде сотсуз өлтүрүүлөрдүн так далили болуп саналат”, - деди.

Үй-бүлөлөр жакындарын таанууда кыйыналып жатат

Жоголгон тууганын издеп жүргөн Худа Хаммад үй-бүлөлөр жакындарын таанууда кыйналып жатканын айтты. “Биз күн сайын келебиз, бирок алардын жүздөрүн тааный албайбыз — эч кандай өзгөчөлүктөр калбаптыр”, - деди.

Сөөктөрдүн көбүнүн чирип же таанылбай калганын белгилеген Хаммад ДНК анализинин мажбур экенин айтты.

Израилдин уланып жаткан блокадасы жана инфраструктуранын талкаланышынан улам Газада ДНК анализи жүргүзүлө турган чектелген жерлер бар. Үй-бүлөлөр көбүнчө кийим-кечеге же жеке буюмдар аркылуу таанууга мажбур болууда.

Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-октябрдан бери Эл аралык Кызыл Крест Комитети (ЭККК) аркылуу ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында 165 сөөк кайтарылган. Тынчтык келишиминин биринчи этабы израилдик туткундарды палестиналык туткундарга алмаштырууну, Газаны калыбына келтирүү жол картасын жана жаңы башкаруу органын түзүү мүмкүнчүлүгүн камтыган.

2023-жылдын октябрында башталган Израилдин Газадагы согушунда 68 200дөн ашуун палестиналык каза болуп, 170 300дөн ашуун адам жараланды.