ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Стамбул тынчтык сүйлөшүүлөрү Россия-Украина тынчтык демилгесине “жаңы өлчөм” кошот
Хакан Фидан Украинага болгон сапарында: «Стамбулда түзүлгөн алмашуу келишиминин тез бүтүшү сүйлөшүүлөрдүн конкреттүү жыйынтыктарды бере алаарын далилдеди»,-деди.
Стамбул тынчтык сүйлөшүүлөрү Россия-Украина тынчтык демилгесине “жаңы өлчөм” кошот
/ AA

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 16-майда Стамбулда Москва менен Киевдин ортосунда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн дипломатиялык чечим издөөгө "жаңы өлчөм" кошкондугун билдирди.

Фидандын билдирүүлөрү жума күнү Украинага жасаган сапары учурунда украиналык кесиптеши Андрий Сыбиха менен өткөргөн биргелешкен пресс - жыйынында келди.

“Стамбулда түзүлгөн алмашуу келишиминин тездик менен бүтүшү сүйлөшүүлөрдүн конкреттүү натыйжаларды бере аларын далилдеди»,-деген Фидан Стамбулда жетишилген ылдамдыкты улантуу каалоосун билдирди.

“Бул согуштун уланышына көз жумуп коебуз, же болбосо ушул жылдын ичинде туруктуу тынчтыкка жетишебиз", - деп кошумчалады Фидан.

Түркиянын туруктуу тынчтык аракети

Россиянын тышкы иштер министри шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркиянын Стамбул шаарында өтүшү мүмкүн болгон Россия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулады.

Лавров буга чейин Россиянын Украина менен экинчи айлампадагы сүйлөшүүлөрүн 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуштаганын айткан.

Президент Эрдоган да сүйлөшүүлөрдүн Стамбулда кайра башталаарына үмүттөнөрүн билдирип: "Россия менен да Украина менен да байланыштабыз. Жетишкен ылдамдыкты туруктуу тынчтык мүмкүнчүлүгү катары көрүп жатабыз",- деди.

Украина Россиянын сунушуна азырынча жооп бере элек.

16-майда Россия менен Украина үч жыл ичинде биринчи жолу Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, эки тарап тең 1000ден ашуун адамды камтыган масштабдуу туткун алмашуу боюнча макулдашышкан.

Түркиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча да макулдашкан.

Иликте
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды