
Өткөн аптада АКШ Израилдин лидерлерин акыркы 15 айдан бери уланып жаткан палестиналыктарга каршы геноциддик кылмыштардан коргоого багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Республикачылар эки палатаны тең көзөмөлгө алуу менен АКШ Конгрессинде бийлик алмашкандан кийин күн тартибине чыккан мыйзам долбоору, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты камакка алуу ордерине жооп катары Эл аралык Кылмыш Сотуна каршы санкцияларды сунуштайт.
Саясий стратег жана Британиянын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык чабарманынын мурдагы кеңешчиси Ашиш Прашар АКШнын бул кадамы эл аралык укукту ишке ашырууда тынчсыздандырган кош стандартты көрсөтөөрүн айтты.
Прашар TRT World телеканалына берген маегинде: «Батыш өткөн жумада эл аралык мыйзам чындыгында аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн иштелип чыкпаганын ачык көрсөттү.
Батыш муну буга чейин ачык айткан: Эл аралык укук африкалык диктаторлорго жана Орусияга тиешелүү, болбосо Батыш бир нече жолу кыргындарды, согуш кылмыштарын жана геноциддерди кылган»,-деп айтты.
Мыйзамсыз Сотко каршы мыйзам
"Мыйзамсыз сотко каршы мыйзам" деп аталган мыйзам долбоору учурда Сенаттын бекитишин күтүп жатат. Аталган мыйзам долбоору ЭКCнын америкалыктарды же израилдиктерди соттошуна көмөктөшкөн адамдарга санкцияларды киргизет.
Бул санкциялар мүлкүн тоңдуруу жана соттун аракеттерине материалдык же каржылык салым кошкон чет элдиктерге виза берүүдөн баш тартууну камтыйт.
Бул санкция сунуштары Израилдин Газадагы согуштук кылмыштары геноцидге барабар деген эл аралык институттар жана эксперттер арасында күчөгөн консенсуска карабастан жасалды.
Эл аралык Кылмыш Жаза Укугу жана АКШнын Көз карашы
ЭКС (ICC) өткөн ноябрь айында Нетаньяху жана Галлантка карата тарыхый камакка алуу буйруктарын чыгаруу менен жоопкерчилик механизмдерин кеңейтүү үчүн негиз түздү.
Эл аралык Рим статусуна же ЭКСтин мыйзамдарына кошулган өлкөлөр, геноцид же адамзатка каршы кылмыштарды жасоого жардам берген жеке адамдарды, саясий лидерлерди жана аскер кызматкерлерин универсалдык соттук укук менен жоопко тарта алышат.
Өткөн жумада бул укук биринчи жолу колдонулуп, тарыхый кадам жасалды.
Бразилиядагы бир сот, Газага каршы согуштук кылмыштарды жасаган деп айыпталган Израиль аскеринин ишин териштирүү үчүн полицияга буйрук берди. Соттун шашылыш териштирүү буйругу Рим статусуна мүчө болгон бир өлкөнүн улуттук деңгээлде Рим статусунун мыйзамдарын колдонуп жаткандыгын көрсөткөн таң каларлык мисал болуп саналат.
АКШнын санкциялары Батыштын мамилесин өзгөртө алабы?
АКШнын ЭКCга каршы сунуштаган санкцияларынан кийин Улуу Британия, Франция, Германия жана Польша сыяктуу көптөгөн Батыш өлкөлөрү Вашингтонго кошулушу мүмкүн.
«Менин оюмча, биз бул геноцидди ырааттуу түрдө четке каккан, бул геноцидди куралдандырган жана ага каршы турбаган өкмөттөрдүн бир ууч реакциясын көрөбүз»,-дейт Прашар.
«Азыр европалык союздаштардын позициясын өзгөртүп, АКШга каршы турууга убакыт келди. Алар эл аралык укукка ишенгенин же ишенбестигин көрсөтүшү керек», - деди ал.
Вашингтон ЭКCга мурун да олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Ошондой эле АКШнын кызматкерлери же анын союздаштары, айрыкча Израиль катышкан согуш кылмыштарын иликтеп жатканда Сотко активдүү каршылык көрсөттү.
Бул кысым тактикасына ЭКС кызматкерлерин санкциялоо жана мүчө мамлекеттерди АКШнын кызыкчылыктарына каршы келген иликтөөлөрдү колдоодон баш тартууга кысым көрсөтүү кирет.
Израилдин чалгындоо кызматынын ЭКС кызматкерлерине кысымы
Израилдин чалгындоо кызматы Эл аралык Кылмыш Сотунун жооптуу кызматкерлерин бир нече жылдар бою аңдыганы жана тыңчылык кылганы тууралуу чыккан маалыматтар да кысымдын көлөмүн ачыкка чыгарууда.
АКШ буга чейин, Трамптын учурунда Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Фату Бенсудага жана Эл аралык кылмыш сотунун башка кызматкерлерине АКШнын Ооганстандагы согуш кылмыштарын жана Израилдин Палестина аймактарындагы согуш кылмыштарын иликтөөсүнө байланыштуу санкцияларды киргизген.
Айрыкча Бенсуда Моссаддын жетекчилигинен түздөн-түз коркутууларды алган. Бул коркутуулардын максаты ЭКСнын Израилге каршы иш козгоосун токтотуу жана Бенсуда же анын үй-бүлөсүнө зыян келтирүү болгон.
Кийинчерээк Байдендин администрациясы бул санкцияларды алып салды, бирок азыр аларды кайра киргизүү аракети олуттуу укуктук жана этикалык суроолорду жаратууда.
Саясий оппозициянын күчөшү
Саясий оппозиция да күч алууда. 2024-жылдын апрель айында АКШнын республикачыл сенаторлор тобу азыркы Эл аралык Кылмыш Сотунун прокурору Карим Ханга эскертүү жөнөтүшкөн. Сенаторлор эгер бул камакка алуу ордерлери күчүндө кала берсе, Ханга жана ЭКСнын башка кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн деп коркутушкан.
Прашар мындай дейт: «ЭКС жана соттор эгер алар бул камакка алуу ордерлерин беришсе, алар санкцияланып, жазаланарын, кол салууга дуушар болорун билишкен».
«АКШ Израилдин да, өзүнүн да жоопко тартылышын каалабайт. Анткени Израилдин жоопко тартылышы Америка Кошмо Штаттарынын да жоопко тартылышын билдирет; анткени бул геноцидди ишке ашыруу учун Израилге бардык саясий жана аскердик колдоолорду көрсөттү».
Санкциялардын ЭКС тергөөсүнө тийгизген таасири
АКШ сунуш кылган санкциялар Эл аралык Кылмыш Сотунун Израилге карата иликтөөсүн толугу менен бузат деп күтүлбөйт. Бирок, бул чаралар операциялык кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн; мисалы, АКШда жайгашкан активдерди тоңдуруу же финансылык институттардын ЭКС менен кызматтышуудан баш тартуусу.
Буга чейин АКШнын Эл аралык Кылмыш Сотунун прокуроруна жана кызматкерлерине каршы багытталган кампаниясы дүйнөлүк деңгээлде айыпталган. Израилден башка бир дагы Батыш демократиясы же АКШнын союздашы бул кампанияны колдогон эмес.
Бул жолу, өзгөчө Европада АКШнын сот адилеттигине тоскоолдук кылуу аракеттери, Вашингтондун ЭКСны сындагандан сот иштерине түздөн-түз кийлигишүүгө өткөнү катуу каршылык көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн.









