Грузин соту Саакашвилинин абак жазасын он жылдан ашык мөөнөткө узартты

Экс-президенттин жалпы түрмө мөөнөтү, чек арадан өткөндүгүнө байланыштуу акыркы чечимден кийин он эки жарым жылга жетти.

/ AP

Грузиянын соту, мурдагы президент Михаил Саакашвилини чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн төрт жарым жылга эркинен ажыратты. Ушундайча Батышчыл саясатчынын жалпы жаза мөөнөтү 12,5 жылга жогорулады.

57 жаштагы Саакашвили 2018-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн сыртынан алты жылга кесилген. Өткөн жумада болсо мамлекеттик каражаттарды туура эмес пайдаланганы үчүн тогуз жылдык абак жазасы берилген.

Ал 2021-жылы сүргүндөн кайтып келгенде жаза мөөнөтүн өтөй баштаган. Саакашвилинин адвокаты Дито Садзаглишвилинин айтымында, Украинадан жашыруун Грузияга кайтканы үчүн 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Судья Михаил Жинжолия болсо "Жаза мөөнөттөрүнүн бириктирилгенин эске алганда, Михаил Саакашвилинин жалпы түрмө мөөнөтү 12 жыл алты ай деп белгиленди", – деди.