TEKNOFEST «Көгүлтүр мекен» жарманкесине келгендердин саны абдан көп
ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
TEKNOFEST «Көгүлтүр мекен» жарманкесине келгендердин саны абдан көпTEKNOFEST «Көгүлтүр мекен» жарманкеси үчүнчү күнү дем ​​алыш күндөрүн пайдаланган коноктордун чоң кызыгуусу менен уланууда.
ТЕКНОФЕСТ (АА)

TRT коммуникация өнөктөшү болгон TEKNOFEST «Көгүлтүр мекен» жарманкеси, Улуттук коргоо министрлигинин жана Түрк технологиялык командасынын фондунун (T3 фонду) негизги жетекчилиги астында Гөлжүк кеме куруучу жайынын командачылыгында өтүп жатат.

Иш-чаранын үчүнчү күнүндө дем алыш күндөрүн пайдаланган жарандар эртең мененки сааттардан баштап иш-чара өтүүчү жайга келе башташты.

Деңиз иштерине басым жасаган технология жана коргонуу өнөр жайынын ышкыбоздорун бириктирген иш-чара, Түрк деңиз күчтөрүнүн ар кандай класстагы платформаларынан баштап, адамсыз системаларга, учактарга, абадан коргонууга жана ракета системаларына чейинки кеңири түрдүү өнүмдөрдү жана технологияларды көрсөтөт.

Иш-чара өтүүчү жайды толтурган коноктор түрк коргонуу өнөр жайы тарабынан иштелип чыккан өнүмдөрдү жана деңиз платформаларын жакындан карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Аймакка үй-бүлөлөрү менен келген балдар да технологиялык стенддерге кызыгуу көрсөтүштү, ал эми коноктор көргөзмөгө коюлган платформалардын алдында сүрөткө түшүштү.

Гөлжүк кеме куруучу жайынын командачылыгында уланып жаткан TEKNOFEST «Көгүлтөр мекен» жарманкеси дем алыш күндөрү көптөгөн конокторду тосуп алат деп күтүлүүдө. 

Аймакка келген 12 жаштагы Мирай Ада Тургут кемелерди мынчалык майда-чүйдөсүнө чейин көрүп, карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө биринчи жолу ээ болгонун жана катышкан иш-чараларда абдан көңүлдүү убакыт өткөргөнүн айтты.

Иликте
Хорватиянын коргоо министри Анушич Сербия чабуул системалары менен куралданып жатканын айтты
Зеленский Брюсселде абадан коргонуу системаларын жана кошумча F-16 учактарын жеткирүүгө чакырды
Грецияда мурдагы аскер армиянын куурунан 300 миң литр мунай уурдаган
Түрк коопсуздук булактары: 2013-жылдагы Рейханлы кол салуусуна шектүүлөрдүн баары камакта
Иракта биринчи жолу Ирак түркмөн фронтунун мүчөсү мамлекеттик министр болду
Түркия менен 19 өлкө Колумбиянын элчилигин Иерусалимге көчүрүү чечимин айыптады
Россия: "Украинадагы логистикалык борборго жана жүк ташуучу кемеге сокку урдук"
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү