ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Чек арадагы кагылышуулар уланууда: Пакистан 67 афган коопсуздук кызматкери каза болгонун билдирди
Пакистандын жетекчилери билдирген сандар боюнча Афганистан азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.
Чек арадагы кагылышуулар уланууда: Пакистан 67 афган коопсуздук кызматкери каза болгонун билдирди
Ооганстандын Кандагар шаарында, Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы жаңжал учурунда, авиасоккулардан жабыркаган дубалдын алдында ооган адамы турат. / Reuters

Шейшемби күнү эртең менен Афганистандын кургактык күчтөрү түштүк-батыш чек ара тилкесиндеги Пакистандын 16 аскердик пунктуна чабуул жасап, түндүк-батыш багытындагы бир нече жерди аткылады. Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы кагылышуулардын бешинчи күнүндө Афганистандын 67 коопсуздук кызматкери жана Пакистандын бир аскеринин каза болгону маалымдалды.

Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар Пакистандын Афганистандын чек арасындагы "көптөгөн чабуулдарды ийгиликтүү токтотконун" билдирди.

Тарар X баракчасындагы билдирүүсүндө афган күчтөрүнүн Белужистан провинциясынын Килла Сайфулла, Нушки жана Чаман райондорундагы 16 пунктка кургактыктан чабуул койгонун жазды. Анын айтымында, Пакистандын жооп кайтаруу соккуларынын натыйжасында афган күчтөрүнүн 27 кызматкери өлтүрүлдү.

Тарар афган күчтөрүнүн түндүк -  батыштагы  Хайбер-Пахтунхванын чек ара аймактарында 25 пунктка чабуул жасаганын, ал жерде пакистандык аскелердин  афган  коопсуздук күчтөрүнүн 40 кызматкерин өлтүргөнүн билдирди.

Пакистандын расмий өкүлдөрү берген маалыматтар боюнча Кабулдан эч кандай расмий билдирүү келген жок.

 Бирок, Пакистан менен Афганистан  өткөн жекшемби күнү  Пакистандын аба соккуларына жооп катары бейшемби күнү баштаган кол салуулардан бери бири - бирине оор жоготууларды бергендерин көптөгөн жолу айтышты.  Ошондон бери Пакистан чек арада операцияларды жүргүзүүдө жана  Тарар дүйшөмбү күнү берген билдирүүсүндө кагылышууларда 435 афган аскеринин каза болгонун жана 31 позиция басып алынганын билдирди.

Акыркы күндөрү Кабул да күчтөрүнүн Пакистан армиясына катуу сокку урганын билдирди.

 Афган күчтөрүнүн өлтүрүлүшү боюнча акыркы билдирүү Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Афганистанда   уланып жаткан чабуулду жактагандан бир күндөн кийин жасалды. Зардари Исламабаддын Афганистан  аймагында иш жүргүзүп жаткандыгы айтылган террористтерди бутага алганга чейин бардык дипломатиялык жолдорду сынап көргөнүн айтып, Кабулдан Пакистандагы чабуулдар үчүн жооптуу болгон топторду куралсыздандырууну талап кылды.

Пакистан  операцияларын Афганистанга каршы "ачык согуш" деп мүнөздөдү.

 Исламабад акыркы айлардагы зомбулуктун күчөшүн Афганистан  аймагына баш калкалаган "Техрик-и-Талибан Пакистан" (ТТП) тобу менен байланыштырууда. Пакистан Афганистандагы "Талибан" өкмөтүн ТТПга шарт түзүп берүү менен айыптаса, Кабул бул дооматтарды четке кагууда.

Иликте
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду