САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Газа келишимин кубаттап, Палестинаны колдоону уланта турганын билдирди
Президент Режеп Таййип Эрдоган, көз карандысыз жана эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө карата Түркиянын чечкиндүү позициясын дагы бир жолу кайталады.
Эрдоган Газа келишимин кубаттап, Палестинаны колдоону уланта турганын билдирди
Эрдоган Газа келишимин кубаттап, Палестинаны колдоону уланта турганын билдирди / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Израиль менен палестиналык каршылык көрсөтүү уюму ХАМАСтын ортосунда Шарм-эль-Шейхте өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген ок атышууну токтотуу келишимине канааттанганын билдирди. Бул процессте Түркия да чоң роль ойноду.

Эрдоган бейшемби күнкү билдирүүсүндө, Израиль өкмөтүн ок атышпоо келишимине үндөш үчүн керектүү саясий эркти көрсөткөн АКШнын президенти Дональд Трампка жана келишимге жетишүүгө олуттуу колдоо көрсөткөн Катар менен Египетке ыраазычылыгын билдирди.

Президент Эрдоган Түркиянын келишимдин так аткарылышын жакындан көзөмөлдөй турганын жана процесске салым кошууну уланта турганын айтты.

Эрдоган ошондой эле: “1967-жылдагы чек араларга негизделген борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, суверендүү жана географиялык жактан бирдиктүү Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин күрөшүбүздү улантабыз”,-деди.

Акыркы эки жылда чоң азап жана жоготууларга учураган палестиналыктарга тилектештигин билдирген Эрдоган, алар оор шарттарга карабастан каршылык көрсөткөндөрүн баса белгиледи.

Келишимдин чоо-жайы тууралуу Reuters агенттигине маалымат берген булак, Трамптын Газа планынын биринчи баскычына байланыштуу келишимге бейшемби күнү саат 09:00да кол коюла турганын айтты.

Булак, келишимге кол коюлгандан кийин Газада ок атышпоонун күчүнө кирерин кабарлады. The Jerusalem Post гезити Катар, Египет, АКШ жана Түркиянын Газа тынчтык келишиминин кепилдери катары кол койгондорун маалымдады.

Израиль менен ХАМАС көптөн бери күтүлгөн ок атышпоо келишимине жетишкенин билдиришти. Бул келишим Тель-Авивдин Газага каршы согушун токтотуу боюнча Трамптын планынын биринчи этабы болуп саналат. Бул согуш 67,000ден ашуун палестиналыктын өмүрүн алды.

Келишим үч негизги пунктту камтыйт: израилдик туткундарды жана палестиналык туткундарды бошотуу, Израиль аскерлерин белгиленген чекке чыгарып кетүү жана согуштан кийин Газага өтө зарыл болгон жардамды тез арада жеткирүү.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту