Иран жума күнү эгерде Европа мамлекеттери БУУнун санкцияларын кайра киргизүү үчүн "тез кайтаруу" механизмин колдонушса, Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташууну токтоторун эскертти. Бул тууралуу Ирандын IRNA маалымат агенттиги билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Европа мамлекеттеринин – Улуу Британия, Франция жана Германиянын – бул механизмди ишке киргизүү чечимин сынга алып, аны "укуктук жана саясий жактан негизсиз" жана "Европанын эл аралык кадыр-баркына жана 2015-жылдагы өзөктүк келишимге олуттуу коркунуч" деп мүнөздөдү.
Санкциялардын жандантылышынын Европанын имиджи үчүн орду толгус зыян алып келерин белгилеген Арагчи : «Бул оюнда үч өлкө жеңишке жетише албай, келечектеги дипломатиялык процесстерден да четте калышат»,-деди.
Аракчи бул кыска мүмкүнчүлүктү пайдаланбоо Батыш Азия жана эл аралык система үчүн "кеңири масштабдуу кыйратуучу кесепеттерге" алып келерин, эл аралык келишимдерди алсыратарын жана жамааттык коопсуздукту туруксуздаштырарын баса белгиледи.
Ирандын тышкы иштер министри Тегерандын “эгемендүүлүк, укуктар жана коопсуздук маселелери боюнча жол бербей турганын” билдирди.
Арагчи, 9-сентябрда Египеттин ортомчулугу менен МАГАТЭ менен кол коюлган акыркы келишимдин ишке ашырылышынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жокко чыгарылган резолюцияларынын кайра ишке ашырылышы сыяктуу Иранга каршы душмандык кадамдардан баш тартууга байланыштуу экенин белгиледи. Антпесе Иран Ислам Республикасы практикалык кадамдарды карап көрөт», - деди.
Арагчи кысымга жана кол салууларга карабастан, Иран өзүнүн тынчтык максаттагы өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө токтоолукту жана дипломатияга берилгендигин дайыма көрсөткөнүн жана өзөктүк куралды жайылтпоо келишими (NPT) боюнча укуктарын коргоп, “конструктивдүү жана мазмундуу диалогго” даяр экенин баса белгиледи.
2015-жылдагы өзөктүк келишимге кол койгон европалык өлкөлөр - Улуу Британия, Франция жана Германия - Иран БУУнун өзөктүк инспекторлору менен кызматташтыгын токтоткондон кийин 28-августта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясына ылайык тез кайтаруу механизмин ишке киргизишти. Иран Европанын бул кадамын юридикалык жактан негизсиз жана саясий жүйө катары мүнөздөдү.
Израиль 13-июнда Тегеранга күтүүсүз чабуул жасап, аскердик, өзөктүк жана жарандык объектилерди, ошондой эле жогорку даражалуу аскердик командирлер менен ядролук илимпоздорду бутага алгандан кийин чыңалуу күчөдү.
Тегеран жооп иретинде ракеталык жана учкучсуз учак менен сокку урду, ал эми АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисин бомбалады. 12 күнгө созулган жаңжал 24-июнда күчүнө кирген АКШ демөөрчүлүгү менен ок атышпоо келишими менен аяктады.
Европалык державалар Ирандын БУУнун өзөктүк инспекторлоруна кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүсүн, байытылган уран запасы боюнча тынчсызданууларын жоюусун жана Израилдин чабуулунан кийин аяктаган АКШ менен Омандын ортомчулугу астында өткөн сүйлөшүүлөргө катышуусун каалашат.
Кытай Иранга каршы тез кайтаруу механизмине каршы чыгууда
Кытай европалык державалардын тез кайтаруу механизмин колдонуусуна каршы чыгып: «Биз Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен чечилишин чечкиндүүлүк менен колдойбуз»,-деди.
Пекинде журналисттер менен болгон маегинде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гуо Цзякун: "Биз күч колдонууга, санкцияларга же кысымга каршыбыз. Тез кайтаруу механизми конструктивдүү эмес жана ишенимди калыбына келтирүүгө жана пикир келишпестиктерди чечүүгө салым кошо албайт. Дипломатиялык аракеттерди күчөтүүдөн алыс болуу керек",- деди.
Басма сөз катчы ошондой эле Кытайдын "бардык тараптар үчүн алгылыктуу болгон планды түзүүдө конструктивдүү роль ойнойт турганын" коушмчалады.



















