ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Президент Эрдоган 10 жылдан ашык убакыттан кийин Эфиопияга иш сапары менен барат
Президент Режеп Таййип Эрдогандын шейшемби күнү Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмеддин чакыруусу менен Аддис-Абебага сапары эки өлкөнүн ортосундагы расмий карым - катнаштардын 100 жылдыгына туш келди.
Президент Эрдоган 10 жылдан ашык убакыттан кийин Эфиопияга иш сапары менен барат
Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган 2026-жылдын 17-февралында расмий сапар менен Эфиопияга жөнөп жатат. / AA
11 саат мурун

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Эфиопияга боло турган сапары жергиликтүү басма сөздө кеңири орун алды. Басма сөздө жарыяланган маалыматтарга ылайык, эки өлкө Түркиянын Аддис-Абебадагы элчилигинин ачылышынын 100 жылдыгын белгилеп жатып, 16-кылымга чейин барган карым - катнаштарда бурулуш учурду түзгөн кадам менен бул сапардын дипломатиялык мааниси баса белгиленди.

Мамлекеттик жана жеке менчик маалымат каражаттары бул сапарды жалпысынан оң маанайда чагылдырып, көп жылдык байланыштарды, өсүп жаткан экономикалык кызматташтыкты жана Анкаранын аймактагы дипломатиялык ролун баса белгилешти.

Премьер-министр Абий Ахмеддин чакыруусу менен шейшемби күнү ишке аша турган бул сапар Президент Эрдогандын акыркы 10 жылдан ашык убакыттан берки Эфиопияга жасаган алгачкы сапары болот.

Мамлекеттик «Fana Broadcasting Corporate» телеканалы бул сапар эки тараптуу карым - катнаштарды жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилесе, президент Эрдоган тууралуу жарыяланган макалада «жаңы Түркиянын архитектору» деп мүнөздөлдү.

«Addis Standard» жеке медиа мекемеси да бул сапар тууралуу кабарлап, бул сапарды Африка мүйүзүндөгү чыңалуулар менен Түркиянын аймактагы дипломатиялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Кабарда эки өлкөнүн буга чейин расмий деңгээлде макулдашылган ар кандай кызматташтык келишимдерине кол коюлушу күтүлүп жатканы айтылат.

Октябрь айында Абий тарабынан негизделген жалпы африкалык санариптик медиа платформасы Pulse of Africaнын дагы бир отчетунда президент Эрдогандын соода, инфраструктура жана коопсуздук мамилелерин кеңейтүү үчүн Аддис-Абебага болгон сапары Түркиянын Кызыл деңиздеги жана Африка мүйүзүндөгү таасирин күчөтүп жатканы белгиленди.

Эки тараптуу мамилелердин жүз жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркиянын Эфиопиядагы элчиси Берк Баран Эрдогандын сапары «ансыз да бекем болгон карым - катнаштарды мындан ары өнүктүрүү» дегенди билдирерин айтты.

Туруктуу саясий байланыштар жана диалог

Түркияда жашаган көз карандысыз изилдөөчү Эмир Ясин Кекеч «Анадолу» агенттигине берген маегинде: «Бул белгисиз дүйнөлүк тартипте Түркия менен Эфиопия үчүнчү тараптын ортомчулугусуз абдан ырааттуу жана ачык карым - катнаш кура алды. Муну сактап жана күчөтүү керек», — деди.

Аналитиктердин пикиринде, улуттук кызыкчылыктар ар башка болсо да, эки өлкөнүн карым - катнашы өз ара саясий түшүнүшүү менен калыптанган.

Аддис‑Абебада жайгашкан иликтөөчү жана талдоочу борбордун башчысы Ибрахим Мулушева жүз жылдык байланышты белгилеген панелде сүйлөп жатып: «Мен Түркия Эфиопиянын позицияларын түшүнөт деп эсептейм; биз булды Нил талашында көрдүк, деңизге чыгууну каалоосунда да байкадык, бул географиялык шарттардын жана мамлекеттик тарыхтын окшоштугунан келип чыгат», — деди.

Ал ошондой эле бул жалпы пикир эки өлкөнүн түз байланыш коё алышына шарт түзгөнүн билдирди. «Түркиянын түшүнүшү ар дайым толук дал келбеши мүмкүн, бирок эки тарап тең абалды көрүп турат, жана ушул себептен диалогдук жана түз мамилелер түзүлдү, бул Түркиянын Эфиопия‑Сомали талашын жөнгө салууда да ийгиликке жетишине жол ачты — бул тарыхый Анкара декларациясы аркылуу чечилген», — деди ал.

Официалдуу эки тараптуу мамилелердин жүз жылдыгына арналган панел талкуусунда элчи Баран: «Жүз жылдык элдер аралык дипломатия Түркия менен Эфиопиянын ортосундагы байланыштардын негизги мүнөзү болгон», — деп белгилеп, Эрдогандын сапары «мамилелердин жаңы деңгээлин белгилейт» деди.

Аналитиктердер да өнөктөштүктүн формалдуу дипломтия менен катар коомдук байланыктар аркылуу да кармалганы жөнүндө айтышууда. «Көп учурда сүйлөшүүлөр саясий дипломтия тууралуу болот, бирок чыныгы көпүрө — элдер аралык байланыштар», — деди Кекич.

Окумуштуулар коомдук пикирди калыптандырууда маданий дипломтиянын ролун да белгилешти. «Маданий, социалдык жана чыгармачылык дипломатия көбүнчө көз жаздымда калат, анткени саясий дипломтиянын көлөкөсүндө калат. Бирок Эфиопия шартында түрк телешоулары, мендей Түркияда окуган студенттер жана маданий үндөштүк өлкөнү оң мааниде таанытууда роль ойногон», — деди Анкарадагы университеттен доктордук даража алган Аддис‑Абеба университетинин окутуучу Абдулазиз Дино.

«Бул өзүнчө өзгөрүп жаткан дүйнөлүк тартипте салттуу дипломтия маанилүү ролду ойнойт, бирок аны медиа, маданий жана социалдык капитал колдобосо таасири анча чоң болбойт», — деп кошумчалады ал.

Окумуштуулардын айтымында, Эрдогандын сапары жүз жылдык символикасын гана эмес, ошондой эле тарыхый тааныштыктарга, дипломатиялык диалогго жана узак мөөнөттүү коомдук байланыштарга таянган мамилелерди күчөтүүгө арналган аракет катары да кабыл алынат.

Иликте
Түркия менен БАЭнин президенттери мамилелерди кеңейтүү жана чыңдоо темаларын сүйлөштү
Украина Кара деңиздеги маанилүү портко сокку урду, Орусия болсо Запорожьедеги бир айылды басып алды
Газада ок атышпоо келишимине карабастан Израилдин кол салуулары уланып,тогуз палестиналык каза болду
Израиль акыркы ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, Ливандын түштүгүнө сокку урду
Хакан Фидан Газанын аткаруу комитетинин башчысы менен жолугушту
Рубио: АКШ Европа менен ажырашууну эмес, "жандандырылган" альянсты каалайт
Россия БРИКСтин аскердик альянска айлануу аракетинде деген дооматты четке кагууда
Канададагы кол салуу боюнча жаңы маалыматтар чыгууда,  Марк Карни эскерүү иш  - чарасына катышты
АКШ Йемендиктер үчүн он жылдык убактылуу коргоо статусун токтотту
Эрдоган Ирактын премьер-министри Судани менен соода жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча cүйлөштү
Эмине Эрдоган 7-TRT World Citizen сыйлыктарында глобалдык өзгөрүүлөрдүн лидерлерин сыйлады
БУУ: АКШнын Кубага карата мунай эмбаргосуна байланыштуу "тынчсызданууда"
АКШдагы университетте кол салуу: Кампус жабылды
Орусиянын Одессадагы портко абадан соккусунан бир адам каза болуп, алты киши жаракат алды
Түркия Республикасы Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен жаңы экономикалык келишимге кол коёт